Акыркы макалалар

Бийлик бутактарында гендердик теңсиздик болуп жатат

Бийлик бутактарында гендердик теңсиздик болуп жатат

Бир нече саясий партияларга мүчө болгон айымдар маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстанда аялдарды коомдук-саясий процесстерге тартуу маселесиндеги өксүктөр, акыйкатсыз мамиле жана гендердик теңсиздик тууралуу айтып чыгышты. Мындан улам “Кабар даамында”программасында аталган гендердик саясаттын биздин өлкөдөгү абалы туурасында сөз кылдык. Суроолорубузга “Эмгек” партиясынын аялдар комитетинин жетекчиси Бүбүкан Досалиева, “Жарандык укуктук коомунун” жетекчиси, Кыргызстан аялдар демократиялык тармагынын лидери Гульжан Байбетова жооп берди.

-Кыргызстандагы жалпы гендердик теңчиликке кандай баа бересиздер?

Бүбүкан Досалиева: "Гендердик теңчилик дегенде жеке аялдардын укугунун бузулушу деп түшүнүү туура эмес. Бул үй-бүлөдөгү, коомдогу баардык жарандардын укугунун бузулушу, басмырланышы, тең укукта болбой жатышы десек болот. Үй-бүлөдө аялдар сыяктуу эле эркектердин, балдардын дагы укуктары бузулган учурлар арбын. Бүгүнкү күндө коомдогу көз караштар, баалуулуктар өзгөрдү. Адамдардын интеллектуалдык деңгээли, билими, кесипкөйлүгү эмес, тилекке каршы материалдык байлык жогору туруп калды. Ушул маселелер гендердик теңчиликтин бузулушуна алып келүүдө".

-Коомубузда жалпы абалды алып караганда эркектерби, балдарбы же аялдардынбы кимдин укугу көбүрөөк бузулуп жатат?

Гульжан Байтекова: "Бүгүнкү күндө айыл жергелеринде аялдардын жана жаш кыздардын укугу көбүрөөк бузулуп жатат. Мындан сырткары жаш балдар дагы көбүрөөк запкы тартышат. Эмне үчүн? Ар бир үй-бүлөдөгү маселелерге эркектер башкача көз караш менен карашат. Алардын психологиясы ошондой. Ал эми аялзаты бала төрөп, аларды тарбиялап, үй оокаттарын камсыздап, баардык түйшүктү моюну менен көтөрөт. Ошого карабастан аялдын колунда эч нерсе жок. Ал иштебейт, анын акчасы жок. Ушундан улам тең укуксуздук келип чыгып жатат. Үй-бүлөдөгү балдар ошол ата-энесинин мамилесин көрүп тарбияны алып жатат. Кыздар эрте турмушка чыгып жатат. Жалпылап караганда, айыл жергесиндеги аялдар менен кыздардын укуктары көбүрөөк бузулуп жатат".

-Гендердик теңсиздик деген маселе качан жаралды?

Бүбүкан Досалиева: "Бул гендердик теңсиздик илгертен бери эле бар. Бул маселе эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин көбүрөөк көтөрүлө баштады. Советтер Союзу убагында “Аялдар коомдо зор күч” деген ураан бар болчу. Бирок Союз кулаганда, коомдук менчикти жеке менчикке бөлгөндө аялдар материалдык байлыкка ээ болбой калышты. Бүгүнкү күндө да аялдарды кызматка кабыл алганда басмырлоолор бар. Бул менин башымдан өттү. Мен тажрыйбалуу, кесипкөй журналистмин. Бирок аял болгондугум үчүн жакшы кызматка кеткен жокмун. Ачык айтылбаган, көмүскө мамиленин арты менен укугум бузулуп эле келе жатат. Баардык кызматтарда эркектерге артыкчылык берилип келет. Парламентте 30% айымдар отуруш керек болсо, бүгүнкү күндө 28 айым бар. Бул дагы жетишсиз. Ал деле “кожо көрсүн” саясаты менен болуп жатат".

-Бийлик бутактарына айымдардын 70/30 деген пайыздык катыш менен келиши сизди дагы канааттандырбайбы?

Гульжан Байтекова: "Баардык жерде аялдарга карата гендердик теңсиздик бар. Биз көп аймактар менен иштейбиз. Айылдык депутаттарда 21 депутат болсо, бирөө айым болот. Турмуштагы оорчулукту аялдар көтөргөнү менен жакшы кызмат орундары аларга берилбейт. "Сен аялсын, сен депутаттыкка бара албайсың", - деп басмырлап келишет. Парламентте ар бир фракцияда 4-5 айым депутаттар. Биз депутат айым мамлекеттик кызматка кетсе, ордуна айым келсин деген маселени көтөрүп атабыз. Эмне үчүн биздин саясатчылар күчтүү, иштерман, позициясы бар, билимдүү айымдарды алышпайт? Бул олуттуу маселе. Бул маселени көтөрүш керек. Келээрки шайлоого айымдар бири-бирибизди көтөрүп, каалоосу бар, иштейм деген айымдарды колдошубуз керек".

-Гендердик саясатты калыбына келтирүү үчүн кандай кошумча мыйзам керек?

Бүбүкан Досалиева: "Тилекке каршы Кыргызстанда баардык эле мыйзамдар аткарылбай жатат. Бирок Жогорку Кеңеште депутат айымдын ордуна айым келиши керек деген сунуш биринчи окуудан өттү. Эгер кабыл алынып калса, бул жакшы негиз болуп берет. Мамлекетти кызмат жаатында айымдардын орду так көрсөтүлгөн эмес. Ушул мыйзамды талап кылбаган бизде дагы күнөө бар. ЖКга шайлоо болгондо айымдардын дараметин, интеллектуалдык деңгээлин пайдалануу болуп жатат. Бирок кызмат ордун бөлүштүргөндө, аялдар артка сүрүлүп калып жатышат".

-Коомчулуктагы активдүү, билимдүү айымдар чогулуп, ар бир тармактагы маселенин чечилүү жолу боюнча так план иштеп чыкса болобу?

Бүбүкан Досалиева: "Кыргызстан демократиялык аялдар тармагы 2015-2016-2017-жылга стратегия иштелип чыкты. “Аялдын турмушу коомдун күзгүсү” деген форумда кабыл алынды. Президенттен баштап баардык бийлик бутактарына кабыл алынган резолюция жакында жолдонот. Аялдардын укугун коргоо, мүмкүнчүлүгүн пайдалануу, таасирин күчөтүү, аялдардын үнүн угуу боюнча кайрылуу жөнөтүлдү. Жергиликтүү кеңештерден тартып, Жогорку Кеңешке чейин аялдардын пайыздык көрсөткүчүн жогорулатуу болуп саналат".

-Кийинки шайлоого ат салышкан партиялардын катарында татыктуу айымдар саясатка келүү үчүн кандай иштер аткарылыш керек?

Бүбүкан Досалиева: "Ар бир партиянын лидери буга көңүл буруш керек. Партияга кирген айымдардын чөнтөгүнө эмес интеллектуалдык саясий деңгээлине басым жасалыш керек. Депутат болуу чоң мансап эмес, чоң жоопкерчилик. Мыйзам чыгаруу бийлигине билимдүү, мамлекет алдында жаран катары жоопкерчиликтүү айымдар барып, жакшы мыйзамдарды кабыл алса, жалпы коомго жакшы иштер жасалат эле".

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...