Акыркы макалалар

Кыргыз басма сөз күнү эки жылга артка жылышы мүмкүн


Кыргыз басма сөз күнү эки жылга артка жылышы мүмкүн

Кыргыз басма сөз күнү 7-ноябрь 1924-жыл эмес, 11-июль 1922-жыл экен...

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын «Шахтер жолу» гезити үстүбүздѳгү быйыл 90 жылдыгын белгилейт. Аталган басылманын башкы редактору Г.Абдуназаро

ва билдиргендей, гезит 1922-жылы 11-июлда «Сүлүктүлүк тоо жумушчусу » деген ат менен чыга баштаган. Бул мезгил аралыгында гезит бир нече аталыштарга ээ болуп, учурда «Шахтер жолу» деген ат менен чыгууда.

2010-жылга чейин басылма коңшу Тажикстан Республикасынын Ходжент шаарында басылып турган. Учурда Бишкектен 1300 нуска менен түстүу форматта чыгууда. Мындан сырткары, басылма «SULUKTU.SU» сайты менен да кызматташып келатат.

Назгул Бостонбаева, Ош

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...