Акыркы макалалар

Чыныбай Турсунбеков: «Мен дүйнөнү баланын көзү менен карайм»

Чыныбай Турсунбеков: «Мен дүйнөнү баланын көзү менен карайм»

КСДП парламенттик фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кыргыз саясатында жаңы адам. Анын тажрыйбасы – болгону 4 жыл. Бирок, анын эмгек жолу өтө бай: ал Кыргызстандын Ишкерлер Биримдигинин презаденти, «Акун» ЖАК Башкы директору, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, Чынгыз Айтматов Академиясынын академиги, ырлар жыйнактарынын жана монографиялардын автору, үч тилде чыккан «Манас» эпосу боюнча кооздолуп чыгарылган альбомдун түзүүчүсү жана котормочусу. Акын кантип бизнесмен, андан кийин саясатчы болуп калганы туурасында биздин бүгүнкү сөз.

Лирика туурасында

- Чыныбай Акунович, сиздин өмүр жолуңуз абдан бай. Сиз акын, ийгиликтүү бизнесмен жана депутатсыз. Өзүңүздү негизгиси кимисине жакын сезесиз?

- Акыркы мезгилде мен өзүмдү саясатчы катары көбүрөөк сезе баштадым. Айрым, саясий Олимпте 15-20 жылдан бери жүргөн биздин бараандуу депутаттардай чыгаан эмес дечи. Бирок,кандай болгон күнү да мен кыргыз саясатынын көп куулуктарын түшүндүм. Мага жакпаган учурлар бар. Менимче, айрым саясатчыларыбыз чындык деген сезимди жоготушуп, чынчыл болбой калышты. Алар, саясатчынын башкы мүнөзү – популизм деп ойлошот. Мен аны менен макул эмесмин. Саясатчынын башкы максаты- чынчылдык болушу керек.

- Акындык башталыш менен бизнесмен бир адамда кантип батышып жатат? Бир эле убакта романтика менен материалисттик...

- Мен бала кезимден көп окугам, ошол окуган китептерим мени жашоого романтикалык көз караш менен кароого алып келди. Бала кезимде, Аркадий Гайдардын «Тимур жана анын командасы» китебин окуп чыккандан кийин, мен өз айылымда тимурчулар тобун түзгөм. Балдар болуп биз жаратылышты кайтарчубуз, айылдык балдарга бактарды сындыртчу эмеспиз. Улгайган адамдардын чарбасына жардам берип, ишембиликтерди уюштурчубуз. Мунун баары көп окугандын пайдасы. Бирок, ошол эле убакта менин балалыгым укмуштуудай тегиз шартта өткөн жок. Мен көп балалуу үй-бүлөдө чоңойдум. Мен он бир тууганмын, үй-бүлөдө алтынчы баламын. Үйдө, атамдын колхоздо кара жанын карч уруп иштегенине карабай, дайыма акча жетишсиз болуп турчу. Анын айлыгы жетчү эмес. Бул кандайдыр бир деңгээлде менин турмушумда да өз изин калтырды. Ошондон бери мен дайыма романтика менен чындык жашоонун ортосунда жашап келем.

- Кайсы чыгармалар сиздин инсан болуп калыптанышыңызга таасирин тийгизген?

- Чынгыз айтматовдун бардык чыгармалары, Алыкул Осмоновдун ырлары, Шота Руставелинин кыргыз тилине которулган «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасы, Джек Лондондун романдары. Мен биздин айылдык китепканада бар китептердин бардыгын окуп чыккам.

- Сиз башында кайсы кесипти тандадыңыз эле?

- Бала кезимден баштап мен кыргыз филологиясы факультетине кирүүнү кыялданып келгем. Өз жашоомду адабият менен байланыштыргым келчү. 5-класстан баштап ыр жаза баштагам, менин мугалимим – Каракол пединститутунун жаш бүтүрүүчүсү Шарапат Ибраеванын анда таасири күч болду. Ал чыгармачыл инсан болчу. Анын сабактарында эжебиздин жетекчилиги алдында мектеп программасындагы спектаклдерден оюн койчубуз. Кийинчерээк өзүм сценарий жазып баштадым. Ошондуктан, мектепти бүткөндөн кийин мен Улуттук Университетке тапшырдым. Аны бүтүргөндөн кийин гезит редакциясында иштеп баштадым. Бирок, бир гана поэзия жана макала жазуу менен чектелбестен, илимге киришип, аспирантурага тапшырдым. Кийинчерээк кандидаттык диссертациямды ийгиликтүү аяктап, Улуттук университетте мугалим болуп калдым.

Бизнес тууралуу

- Түркияга кантип барып калдыңыз?

- Союз тарагандан кийин, менин жашоом башка нукка түштү. Мени Билим берүү министрлигинин өкүлү катары, Түркияга жиберишти. Ошол кезде кыргыз студенттерин жана лицейде окугандардын көбүн түрк ЖОЖдоруна окууга жиберип турушчу, аларды мен көзөмөлдөчүмүн. Ошол мезгилде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Төлөмүш Океев болчу. Биз таанышып калдык, Океев мени дипкызматка кирип, жашооңду өзгөртпөйсүңбү деп сунуш кылды. Мени Түркиянын элчилигинде биринчи катчы кылып дайындоо тууралуу маселе ТИМ де чечиле баштады. Аны үчүн ТИМ де даярдыктан өтүшүм керек болчу, ошондуктан Бишкекке кайтып келдим. Бул учурда менин Билим берүү министрликтеги ордума башка адамды дайындашкан. Мен даярдыктан өтүп жатканда өкмөт отставкага кетип, менин маселем чечилбей кала берди. Түркияга кайтып келдим, а ордумда башка адам иштеп жатат. Ошентип, мен башка өлкөдө, үй-бүлөм, эки балам менен же жумушу, же айлыгы жок калдым. Кыйын кырдаал болчу. Анан, жаңы эле туугандарым менен бир жылдан кийин келем деп коштошуп кеткен айылыма кайтууга намысым жол бербеди.

Ошондо бизнес менен алектенип баштадым. Анын жакшы жагы, мен таптакыр башка жашоону көрдүм, базар мамилеси эмне экенин түшүндүм, бизнести кантип алып баруу керек экенине түшүнүк пайда болду, эң башкысы, түрк бизнесмендеринин арасында өнөктөштөрүм бар эле. Ошондуктан, үй-бүлөмдү ыр жазганга караганда, ушуну менен жакшыраак багаарымды түшүндүм. Үч жылдын ичинде бизнесимди бутуна койдум, ал эми 1997-жылы үй-бүлөм менен Кыргызстанга кайтып келдим. Ошондо, менин курсташтарымдын көбү жаңы шарттарга көнө алышпай калганын көрдүм, алар ошентип өмүр бою акын болуп калышты.

- Бизнесиңизди эмнеден баштадыңыз?

- Түрк батондорун жасаган наабайкананы 1994-жылы Бишкекте биринчи болуп мен ачтым. Кийинчерээк, ушундай эле наабайкана Чолпон-Атада ачылды. Андан кийин, ун чыгаруучу бизнеске өттүм. Андан сырткары, Кыргызстанга ар кандай товарларды алып келип турчумун. Мисалга, Кыргызстанга биринчи болуп суу жылыткычтарды мен алып киргем. Эмерек, туш кагаз, мектеп каптары, кыскасын айтканда бул жерде керектелип жаткан товарларды алып келчүмүн. Бул жакшы кошумча болду. Кийинчерээк, Бишкектен эки кафе ачтым, анын бири түрк ашканасы, экинчиси кыргыз ашканасы менен. Бирок азыр коомдук тамактануучу жай менен алектенбей калдым. Анткени, бизнестин ар бир тармагынын өз өзгөчөлүктөрү бар деп эсептейм. Коомдук тамактанууга өзү тамакты мыкты жасап, анан дайыма кашында туруп, көзөмөлдөгөн адам алектенсе жакшы болгудай. Ленин айтандай: «Эсеп жана көзөмөл!» Бул бардык бизнес үчүн актуалдуу.

- Сиздин «Акун» фирмаңыздан чыккан ун эң мыкты деп эсептелет. Мен кожойке катары ушул фирманын унуна басым коем, камыры да жакшы жуурулат, баасы да арзан. Сыры эмнеде?

- Эч кандай сыр жок. Биринчиден, биз мыкты буудай сатып алабыз – биздин кыргыз буудайды жана түндүк казакстандан ташып келебиз. Экинчиден, өндүрүш убагында жогорку технологияларды колдонобуз, биздин адистерибиз мыкты жана жабдууларыбыздын баары заманбап. Анан, баа саясаты да чектелип турат. Мен ун чыгаруу бизнесин жаңы баштагандардан эч нерсе жашырбайм. Жаңы баштаган кесиптештерим менен билгендеримди ачык, чын дилимден бөлүшөм. Ошондуктан, менин ун чыгаруучулар мектебим бар деп сыймык менен айтсам болот (Жылмаят)

Журналистика тууралуу

- Сиз көптөгөн макала, китеп, публикациялардын авторусуз. Кыргыз ММКсынын абалы туурасында эмне айтаар элеңиз?

- Мен өзүмдү кандайдыр бир деңгээлде журналист катары эсептейм, анткени бир нече жыл Түркияда «Азаттык» радиосунун кабарчысы болуп иштегем. Ошондуктан, бул кесип тууралуу жакшы билем. ММКларды байкап турам, жана көз карандысыздык жылдарында кыргыз журналистикасы өтө өзгөрүлгөнүн белгилеп кетким келет. Бир гана эркин болгон жок, кандайдыр бир деңгээлде көчө гезиттерине айлангандай. Күнүмдүк, көчө тили кыргыз журналистикасында адабий тилди сүрүп чыгарды. Мунун баары жакшы жашоодон болгон жок. Кыргыз журналистикасы элдин арасында белгилүү болгусу келип, расмий тилден баш тартуу жолуна түштү, натыйжада тил бир гана жеңил жана жеткиликтүү болбостон, богооз боло баштады. Орус тилдүү ММКларда мындай жок, менимче бул тажрыйбасынын молдугунан, ага кошумча орус журналистикасынын тажрыйбасы өзүн көргөзүп жатат. Орус тилдүү ММКларда чек сезилип турат, темалар актуалдуу жана интеллегенттүүлүк бар.

- Сиз буларды кыргыз тилдүү ММКнын көйгөйү деп эсептейсизби?

- Ооба, анткени тилди бурмалоо кыргыз тилинин орноп калган адабий тилин бузуп жатат, журналистиканын табитин бузат. Кыргыз журналистикасы азыр бир стили жок, интелегенттүүлүк, тарбия берүү жокко эсе.

Саясат тууралуу

- Сиздин саясатка болгон сапарыңыз 2011-жылдан башталды. Эмне үчүн КСДП партиясын тандап алдыңыз?

- Бул жерде Алмазбек Шаршенович Атамбаев менен болгон мамилем таасир этип кетти. Аны менен 2007-жылы таанышканбыз, ал кезде премьер-министр болчу. Ошол кезде өлкөдө нан тартыш болуп жаткан, нан кымбаттап баштады. Өкмөт башчысы катары Атамбаев абдан танчсызданып, башкы себебин билүү үчүн бардык ун чыгаруучуларды чогултту. Биз ошондо таанышканбыз. Мүмкүн, ага менин чынчылдыгым жакса керек, 2010-жылы мени өкмөттө иштөө үчүн чакыртыптыр. Ал кезде бизнесмен катары мамлекеттик кызматтан алыстап калганымды шылтоолоп, баш тарттым. Ошондо, анын партиясынын атынан депутат болуп баргың келеби деп сурады. Алмазбек Шаршеновичти таарынткым келбей, барам деп убада берди. Кийинчерээк, Кыргызстандын ар бир жараны өз өлкөсүнүн тагдыры туурасында ойлонушу керектигин айтып баштады, ошол кезде. 2010-жылы өлкө чоң сыноолорго туш келген кези болчу. Мен абдан тез таасирленген адаммын. Атамбаев менин мекенчил сезимдеримди ойготкон бийик идеяларды мага жеткире алды, мен баш тарта алган жокмун. Ошентип, мен КСДП курамына кирүүгө макул болдум. Бул мен үчүн жаңы кызматтагы негиз салган кадамым болду окшойт.

- Сиздин депутат катары берген биринчи басма сөз маалыматыңыз дале эсимде. Чынымды айтсам, өзүңүздү эркин сезбей жаткандыгыңыз сезилип турган. Бүгүн болсо парламенттеги КСДПнын лидерисиз. Саясатка кантип көнүп кеттиңиз, кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз?

- Биринчи айлар кыйын болду. Мен бизнесте жакшы багыт алам, анткени кыргыз ишкерлеринин бизнес коомчулугун жетектеп турам жана бизнесмендердин бардык маселелерин айтып, чече алчумун. Ал эми саясаттын маселелери мен үчүн түшүнүксүз болчу. Жаңы чөйрөгө аралашып кетүү оңой болгон жок, анткени, башында бир гана атаандаш партиядагы саясатчылар гана эмес, КСДПдагы партиялаштарым да мени үйрөнчүк деп эсептешчү. Жана буга ылайык мамиле кылышчу. Жада калса, ар кандай чагымчылдык кылып, мени арткы планга жылдырууга аракеттер көрүлдү. Бирок, Атамбаевдин ишениминин аркасында өзүмдү тез эле колго алдым, кырдаалды талдаганга үйрөнүп, бул агымга тез эле кирип кеттим. Мен көпчүлүк нерсени Кулов, Текебаев жана башкаларга окшогон чыгаан саясатчылар менен баарлашуудан түшүндүм, аларда бай тажрыйба бар да. Менде бир өзгөчөлүк бар, дүйнөнү баланын көзү менен карайм, бардык жаңы нерсени үйрөнгүм келип турат. Бул өзгөчөлүгүмдүн аркасында бардык кыйынчылыктарды жеңе алдым. Ал эми кыйынчылыктар жетишээрлик эле болду – өз партиялаштарым менен болгон мамиледен баштап, алар үчүн мен жаңы адам болчумун, атаандаштарым менен болгон баарлашууга чейин, алар мени каалаган убагында «кулатууну» колдон чыгармак эмес. Кийинчерээк мен партиялаштарым менен да, атаандаштарым менен да жалпы тил таба алдым. Кайсы кырдаал болбосун мен өзүм бойдон калууну жактырам жана өзүмдүн түз жолумдан тайбайм. Акырындап, мени менен барчулардын саны көбөйө баштады.

- Сиз «Манас» эпосу боюнча да адиссиз. Элдик эпостун акылмандыгы маанилүү саясий чечимдерди кабыл алууда жардам береби?

- Бала кезимде атама «Манас» эпосун үнүмдү чыгарып окуп бергем. Жана бул эпостун көптөгөн сандары дагы эле эсимде. Кыргыздар кокусунан эпоско зор маани беришпейт, өзгөчө бизге кыйын болгон учурда биз андан элдик акылмандыкты табууга аракет кылабыз. Мен үчүн Манас – эң башталгыч баскычында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсү. Ал кыргыздар менен ага тектеш элдердин ар кайсы урууларын жана уруктарын бирдиктүү улутка бириктире алган. Мен өзүмө дайыма бир суроо берчүмүн, эмне үчүн «Манас» эпосу элдин аң сезимине ушунча терең сиңген? Анын бириктирүүчү күчүнөн улам деп ойлойм. Ал эми бүгүн улуттун биримдиги маселеси болуп көрбөгөндөй актуалдуу.

- Сизди, президент Атамбаевге зор таасири бар деп жүрүшөт го. Бул чынбы?

- Андай деле эмес. Анын мага болгон таасири да күчтүү. Атамбаев жашоодон сабак алган, көп окуган сабаттуу адам. Ал динди, кыргыздардын тарыхын жакшы билет. Анын экономиканы өнүктүрүүгө болгон стратегиялык планы бар.ал өлкөнү кантип бутуна тургузууну билет. Бул мамлекеттик ой толгогон адам. Ал чечим кылган убакта, өзүнүн көз карашынан алып карайт да, элдин жашоосунда кандай чагылдырылат деп да ойлойт. Ошондуктан, ал ар бир чечимин өзүнүн пикирлештери менен талкуулап турат. Биз акыркы төрт жылдан бери тааныш юолуп, жакын баарлашып келебиз жана ал баарлашуу мени руханий байытып келет. Мен Атамбаевди адам катары толук изилдеп бүттүм деп айта албайм, бирок, ал өзүнүн артынан жакшы сөз калтырайын деген аракет менен иштеп жатат деп ойлойм.

- Мына, канча жылдан бери президенттин айланасындагы мамиле туурасында сын тынчыбай келет. Сизди, мисалга, арак-ликер чыгарган заводго рейдерликке айыптоого аракет кылышты. Бул сындар негизделгенби?

- Жок, негизделген эмес. Мен башында таарынып, кырдаалды кантип ушундай айландырып ийишет деп, түшүнгөн эмесмин, андан кийин көнүп калдым да, саясатта баары боло турганын түшүндүм. Эгер сен кимдир бирөөнүн саясий атаандашы болсоң, кимдир бирөөгө жолтоо болуп жатасың, сага компромат издеп башташат. Эгер жеке сага компромат кылуучу эч нерсе таба алышпаса да, анда сага тиешелүү эмести да менчиктеп коюшат. Ал заводду мен эмес, мени менен иштеген адамдар сатып алышкан. Мени ушундан кармагылары келишти. Бул иш боюнча кылмыш ишин козгошуп, эки жыл териштирүү иштерин жүргүзүштү. Анан, эч нерсе таппай коюшкандан кийин, ишти токтотушту. Өз мезгилинде Акмат Келдибеков башында турган депутаттык комиссия да түзүштү, ал жакка депутаттар Равшан Жээнбеков, Надира Нарматова жана Курманбек Дыйканбаевдар киришти. Комиссия үч ай бул ишти карап, бардык документтерди изилдеп чыкты, ар кайсы адистерди чакыртышты, анан бир да пункту боюнча мыйзам бузуу болгон эмес деген жыйынтыкка келишти. Б.а. криминалдык эч нерсе табышкан жок. Кийин, Акматбек Келдибеков, түрмөдө отурган убагында Жылдызкан Жолдошева аркылуу менден кечирим сураптыр. Анын башын айландырып жүргөндөрүн айттырыптыр.

Шайлоо тууралуу

- Парламенттик шайлоо канчалык жакындаган сайын, сын да ошончо катуулай баштайт. Боло турган шайлоодогу партиянын катышуусу туурасында айтып берсеңиз.

- Кыргызстандын элинин бийликке болгон ишеними өтө төмөн. Дайыма ушундай болуп келген. Ал эми партияларга эл андан да ишенбестик менен мамиле кылып келишет, анткени өлкөнүн жашоосу өтө оңолуп кеткен жок, энергетикада кризис болуп жатат, ага кошумча сырткы факторлор – сомдун курсунун түшүшү, товарларга болгон баанын кымбатташы. Мунун баары электораттын маанайына таасирин тийгизет. Ушунун баары шайлоонун натыйжасына да таасирин тийгизет. Шайлоо жүргүзүүдө да биздин элде дайыма нааразылыктар болуп келген. Ошондуктан, КСДПнын позициясы – таза жана чынчыл шайлоо өткөрүү. 2012-жылы мен делегациянын жетектеп, Монголияга барып келдик. Ошол жактан биометрикалык маалыматтар менен шайлоо өткөрүү тажрыйбасын изилдедик. Алмазбек Шаршенович ушул эле маселе боюнча Монголиянын президенти менен бир нече жолу сүйлөштү. Жалпы пикир боюнча, буга окшогон шайлоолор өтө чынчыл жана жыйынтыктарды жасоого мүмкүн эмес. Ошондуктан, биз шайлоону биометрикалык маалыматтар менен өткөрүү демилгесин киргиздик. Биз бул идеяны активдүү киргизип баштаганда, белгилүү эле бир депутат минтип сурады: «Чыныбай, мунун сизге эмне кереги бар? Сизде мунсуз да админстративдик ресурсуңуз бар». Мен ага минтип жооп бердим: «Акаев да, Бакиев да бийликке шайлоону жасалмалоо жолу менен келишкен. Азыр экөөнүн кайда экенин баарыбыз билебиз. Өз элибизге болгон чынчыл мамиле гана бизди өлкөдө калтырат». Менин оюмча, эл акыйкаттык кайда экенин, чынчылдык, элге болгон аракет кайда жатканын ансыз да түшүнүп турат. Ошондуктан, биздин элибиз эки жолу өлкөдөн калпычы саясатчыларды кууп чыгышты. Биз куулган үчүнчү саясий күч болгубуз келбейт. Ошондуктан, биометрикалык маалыматтар менен шайлоону киргизип жатабыз. Кимдир бирөө бул процессти башташы керек болчу. Эртеби-кечпи бул аракеттер бааланып, оң натыйжа берилет. Мына ушул кадам, КСДПнын чынчыл шайлоо өткөрүүгө кылган биринчи кадамы.

- Сиз, «Азаттык» радиосуна, Мырзакматов КСДП партиясы менен кызматташкысы келген деп айтыпсыз. Бул кандайча болду эле?

- «Улуттар биримдиги» партиясынын партиялык кеңешинде белгилүү журналист, публицист Кубан Мамбеталиев бар, мен аны өзүмдүн агайым деп эсептейм. Ал аркылуу аракеттер көрүлгөн, биз алардын демилгеси менен бир нече ирет жолукканбыз, жалпы тил табууга аракет кылганбыз. Бирок, сүйлөшүү процесси жүрүп жатканда, Мырзакматовго жазык иши козголду. Ошондуктан, бул маселеде биз чекит кое албай калдык. Бирок, мага жалгыз гана Мырзакматовдун партиясы чыккан жок, башка көптөгөн партиялар да биз менен кызматташкысы келет. Мен ачык адаммын, ошондуктан баары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө берем, андан кийин партиянын башка мүчөлөрү менен талкуу кылабыз.

- Б.а. КСДП башка партиялар менен биригиши мүмкүнбү?

- Биз көп партиялар менен мамилебиз жакшы. Жада калса, айрым партиялар менен жалпы көз караштарды таба алдык. Бирок, чечимди партиянын саясатын аныктаган партиянын партиялык кеңеши кабыл алат.

Лейла Саралаева

Фото Вячеслава Оселедко

Түп нускага шилтеме : nlkg.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...