Народные новости

Баласын таштаган эне

  • Автор: Элиза
  • Регион: Джалал-Абад
  • Опубликовано: 19.09.2014 @ 17:02

Бул ымыркайдын төрөлгөнүнө 6 күн болуптур. Наристени белгисиз жарандар Ала-Бука районунун “Мухаммед-Зухид” мечитинин астына таштап кетишкен. Ташталган бөбөктүн келечеги кандай болот азыр белгисиз. “Таштап кеткен жарандын өздүгүн тактоо үчүн атайын ыкчам топ түзүлүп, такталууда”- деп билдирди Жалал-Абад Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Жусуп Камбаралиев

2014-жылдын 8 ай ичинде Жалал-Абад облусу боюнча КЖК “Адамдын өмүрүн коркунучта калтыруу боюнча” бир факты Ала-Бука районунда катталган. Учурда ымыркай райондук төрөт үйүнө жеткирилип, ден-соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө- деди Жалал-Абад Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Жусуп Камбаралиев

“Наристелер бөлүмүнүн башчысы” дарыгер Гүлүмкан Ногойбаева: “Мындай фактыдан сырткары төрөт үйүндө эки жактын ата-энеси тең билип, жаңы төрөлгөн наристеден баш тартып таштап кеткен учурлар көп кездешет, 2013-жылы 14 ымыркайды төрөт үйүнө энелери өздөрү алып кетүүнүн оордуна таштап кетишкенин” айтат:

(налажка)“Мисалы менин жумуштук тажрыйбамда наристе төрөлгөндө кыз жактын да, бала жактан да ата-энелери билген. Баары келишип, наристенин төрөлүүсүнө да күбө болушкан бирок алуудан баш тартышкан. Анткени бала менен кыздын никеси жок төрөлдү деп баланы таштап кетишкен. Кийин бала “Ымыркайлар үйүнө жеткирилген”

Кыргызстанда 10 кризистик борбор бар, анын ичинен экөө Бишкекте жайгашкан. Ал эми Жалал-Абад облусундагы «Каниет» кризистик борборуна ушул убакка чейин миңге жакын аял кайрылган. Аталган борбор 2004-жылдан бери уй-булолук зордук-зомбулукка кабылган жарандарга жана наристеси менен баш калкалоочу жайы жок энелерге жардам көрсөтүп келээрин «Каниет» кризистик борбордун жетекчиси Мимоза айым билдирди. Жакында эле наристесин таштап кеткен келиндин окуясын баяндап берди. “Балам Орусияда жүрүп үйлөнүп алган экен, Кыргызстанга келип башка кыз менен тааныштырсак ага да үйлөнүп алды. Кийин Орусиядагы жубайы келип колундагы баласын кайын журтуна таштап кеткен. Эми баланын апасы кимге берээрин билбей бизге кайрылган. Ананын бала багууга шартым жок деп эмне кылаарын билбей убара”- “Каниет” кризистик борборунун жетекчиси Мимоза айым

Жаңы төрөлгөн бала энеси тарабынан төрөт маалында же төрөттөн кийин дароо өз колу менен энеси тарабынан акыл-эси оордунда туруп өтө кызууланган жагдайдын шарттарында же психикалык бузулган абалда өлтүрүлгөндө. КЖК 100-сататьясы менен эгерде таштап же өлтүрүп кетсе 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Вы можете прислать нам свою новость здесь.