Последние публикации

Талас облусунун Кара-Буура районунда Биофабрика ачылды

Талас облусунун Кара-Буура районунда Биофабрика ачылды. 2015-жылы биопрепараттарды чыгаруу үчүн 2014-жылдын аягына чейин тийиштүү даярдык жумуштары бүтөт. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборбору биопрепараттарды өндүрүү жана аларды айыл чарбачылыгында колдонуу 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөн 2013-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда бир топ өстү. Бул жылы амблисейус өндүрүү 116, Биолигнин 104%, Габрабракон 105%, Трихограмма 133%, Триходермин 119% жана Афелинус 2 эсеге көп өндүрүлгөн.

“Мындан сырткары белгилей кетүү керек Кыргызагробиоборборун түзүмдүк бөлүкчөлөрүндөгү өндүрүштүк имараттардын 25 жылдан бери капиталдык ремонттон өтө элек. Ошондой эле автотранспорттук каражаттар абдан эскирген”,-дейт Ж.Керималиев.

Ссылка на оригинал публикации : kyrgyzkabar.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...