Последние публикации

Эң мыкты балык – колбасабы?

Эң мыкты балык – колбасабы?

Этти жакшы көргөн Кыргызстанга көнгөн адатын таштап, тамак-аштын жаңы түрүнө – жеңил сиңимдүү балык менюсуна өтүүгө убакыт келди окшойт? Азыр бардык өнүккөн өлкөлөрдө ушул нерсе байкалууда! Суу жандыктарын жакшы көргөн жапондордун адам жашынын орточо узактыгы – 84 жыл, ал эми норвегиялыктардыкы – 84 жыл экендиги бекеринен болбосо керек. Бизде болсо, КР Улутстаткомунун маалыматы боюнча, бул көрсөткүч эркектер үчүн - 69, аялдар үчүн – 76 жылды түзөт.

КӨЛМӨДӨ СҮЗӨТ БАЛЫКТАР, БАРАТАМ КАМДАП КАЙЫРМАК…

Байкалбай мына күз да короого кирип келди, бирок ызы-чуу менен түтүн жаман жанга жетти! Сентябрдын келиши менен Бишкекте жашоо жандана түштү дечи, бирок эс алганды да унутпашыбыз керек. Мына так ушул учурда эркектердин “тобокелдүү тобуна” киргендердин көбү үчүн (жогоруда айтылган 69 жыл тууралуу айтып жатам!) эс алуунун эң жакшы түрлөрүнүн бири – кайырмакты колго алып, жемди жана сырадан бир ящикти камдап алып – жакынкы дем алыш күндөрү шаардын четиндеги көлмөлөрдүн бирөөсүнө жөнөө.

Шаардыктардын көбү “Спартак” же ДСК суу сактагычтарына, Ала-Арча жана Сокулук чоң көлмөлөрүнө жана ошондой эле толтура майда көлмөлөргө жөнөшөт. Бир аз отуруп балыктан кармап жытту уханы жасашат. Башында майда балыктардан юшканы даярдап алышат. Андан кийин казанга чоңураак балыктарды салышат. Ага да кортошка-мокрошка, лаврушка-петрушка, туз-калемпир керек. Же болбосо балыкты кууруй койсо болот, супермаркеттерден азыр мангалдарды, барбекю жана гриль очокторун, шампурларды, маринаддарды, от жакканга суюктукту, жыгач көмүрүн жана саксаулду жеңил эле тапса болот эмеспи. Жаратылышта түтүн булатып отурсаң. Эх, кандай керемет!

Жалкоороктор шаардын түштүгүндөгү тоо этектерине жөнөй алышат, Таш-Дөбө айылынын жанында (мурдагы Воронцовка), жашыл бактардын арасында он бешке жакын жылдан бери форель базасы иштеп келет. Бул жактагы көлмөлөрдө балыктын көптүгүнөн суу бети кайнап тургансыйт – эч ким олжосуз калбайт. “Манас” аэропортунун же “Дордой” базарынын жанындагы көлмөлөргө жөнөгөндөрдүн айрымдары кээде бир күн отуруп алакандай болгон балыкты да кармай албай келишет. А бул жерде болсо атайын чыгынуунун да кереги жок, аларды аквариумдагыдай эле жеми жок кайырмакка кармай аласың. Кармаган балыгыңды кааласаң килограммдап ченеп өзүң менен салып беришет, же болбосо ошол эле жерде бышырып, суу боюндагы чатырчалардын бирине алып келип беришет, ал жерде болсо алдыңда жаткан көлмөнүн бети жалтырап көрүнүп турат, таза абасы сени мас кылат, бейпилдик өкүм сүрөт...

КҮМҮШ ТҮСТҮҮ БАЛЫКТЫН БААСЫ КАНЧАДАН БОЛДУ ЭКЕН?

Спиннинг менен балык кармап өзүңдү да, башкаларды бага албаарың бул болгон иш. Бул жерде чоң масштабдагы нерсе керек! Мурда ал бар эле: республикабызда балык өстүрүүчү мамлекеттик үч ири завод жана толтура майда жеке менчик ишканалар иштейт эле. Алардын бардыгын Кыргыз ССРинин Балык өнөр-жай министрлиги башкарчу. Тилекке каршы, 1991-жылдан кийин, “прихватизация” күчөп, жерлер, объектилер сатылып, көлмөлөр, жээктер булганып, мунун бардыгынан кур жалак калдык. Ал эми министрлик болсо азыр Айыл чарба министригине караштуу Жайыт, мал жана балык чарбалардын департаментине (ЖМБЧД) чейин кичирейип калды. Иш жүзүндө бул чакан гана бөлүм, анын ишмердүүлүгү менен жакшы таанышууга мекеменин жетекчилигинин дайыма эле убактысы боло бербейт, анткени башка маанилүүрөөк иштер толтура!

Албетте, кайсы бир иштер жасалып жатат. Ысык-Көлгө, Ала-Арча жана Найман суу сактагычтарына, Өзгөн балык чарбасынын көлмөлөрүнө жаш чабактар коё берилип турат. Ал эмес балыкчылыкты, аквамаданиятты жана жем өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлор ишке ашырылып келет (мисалы, бюджети 1 млн 980 мин доллардык GCP/KYR/012/FIN долбоору, же бюджети 336 миң долларды түзгөн TCP/SEC/3502 долбоору), булар сөзсүз өз үзүрүн берип, республиканын тамак-аш коопсуздугун камсыздаганга, колго өстүрүлгөн чабактардын санын көбөйткөнгө, өндүрүлгөн ата-мекендик продукциянын санын арттырганга салымын кошуп келет. Анткени ушул убакта дүкөн текчелерине көп учурда 10-12 миң тонна өлчөмүндө Орусиядан, Казакстандан жана алыскы өлкөлөрдөн ташып келинген импорт коюлат, алардын арасында көп талаш-тартышты жараткан Вьетнамдын сасык саздарында өстүрүлгөн пангасиус сыяктуу балыктар да болуп калат. Жергиликтүү балыктардын үлүшү, ашып кетсе, 20%ды түзөт. Жалпысынан алганда, 2017-жылдын тогуз айында ЖМБЧД 1 миң 239 тонна товардык балык өндүргөн. Бул өтө аз!

БАЛЫК КҮНҮ УНУТУЛДУ...

Совет доорунда ар бир адам жылына 20 килограммга чейин балык продуктусун жеш керек деп эсептелчү. Ошондо 6 миллион калкы бар Кыргызстанга 120 миң тонна туура келет! Макул, биз үчүн бул өтө эле чоң сан дейли, бирок табигый-баланстын минимумун эске алсак өлкөнүн бир жылдагы муктаждыгы 60 мин тоннаны түзөт, же башкача айтканда ар бирибизге 10-12 килограммдан туура келиши керек. Бизде болсо бир адамга болгону 1,6 кг туура келип жатпайбы! Кандын аздыгы, йоддун, Омега 3 сыяктуу майлуу кислоталардын жетишсиздиги, ар түрдүү оорулардын болушу бир чети мына ушундан...

Эсимде, 2016-жылдын ноябрында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров балыктан жасалган тамактарды мектептердеги балдардын тамактануусунун курамына, жок дегенде жумасына бир жолу киргизүүнү сунуштаган болчу. Тилекке каршы, аны эч ким колдободу.

Бирок да ал жалгыз эмес эле!

Мейли биздин Кыргызстан деңиздерден алыс болсун, бирок да анын өтө чоң гидроресурстары бар: 1923 көлүнүн жалпы аянты 6800 чарчы километрди түзөт. Ошол эле биздин сүйүктүү Ысык-Көлүбүз чоңдугу боюнча дүйнөдөгү ири 30 көлмөлөрдүн катарына кирет, ал эми тереңдиги боюнча жетинчи орунда! Ал эми 59 суу сактагычынын аянты 47 миң 311 чарчы километрди түзөт. Андан сырткары бизде булактардан жана мөңгүлөрдөн башталган 30 миң дарыя-сууларыбыз бар.

Мына так ушул нерсени эске алып адистер мындай дейт: иш туура жүргүзүлсө, табигый ресурстар жакшылап кайтарылса жана да жакшы каржылоо болсо балыкчылык тармагы Кыргызстандын экономикасындагы эң көп киреше алып келген тармак болуп калышы толук мүмкүн!

СУУЛАРЫБЫЗДАН ПАЙДА КӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК

2008-жылы эле Кыргызстанда 2012-жылга чейин Балык чарбаларын өнүктүрүү программасы кабыл алынган болчу. Ал программа көп маселелерди чечкенге өбөлгө түздү, бирок да башкы маселелер ошол эле бойдо калды. Ошондуктан жакындан бери 2017-жылга чейин эсептелген жаңы программа иштей баштады. Анын максаты – туруктуу иштеген балык чарба комплексин түзүү жана тогуз жылдан кийин балык продуктыларын өндүрүүнү 10 эсе көтөрүү!

Ал эмес 2018-жылдын 30-июлунда Бишкекте бул документти иш жүзүнө ашыруу боюнча биринчи улуттук Форум өттү, анда Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген балыкчы адистер өз тармагынын маселелерин талкуулап, жасалчу иштерди тактап алышты.

Ыкмалардын бири – коммерциялык породаларды жабык көлмөлөрдө уругун алуу үчүн өстүрүү, майда чабактарды жергиликтүү көлмөлөргө коё берүү жана аларды кийин кармоо.

Бул маселеге бийлик көңүл бура баштаганы кубантпай кобойт. Мисалы, былтыр май айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй областы боюнча иш сапарында Панфилов районундагы “Тянь-Шань форел” балык чарбасында балыктарга өзү жем ыргытты. Ал жакта форелдерди гана өстүрбөстөн, балыкты ташыганга идиштерды, балык уругун инкубация кылган аппараттарды да жасашат. Ал эми август айында министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарындагы “Эфтар Агрокомплекске” барды. Бул жерде жылына 250 тонна форель өстүрүшөт.

“Бизде өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияга чет элдик колдонуучулардын суроо-таламы чоң. Биз ушуга окшош ишканалар көп санда ачылышына бардык шарттарды түзүп беришибиз керек”, - деди М.Абылгазиев.

Ал эми айрым жеке менчик ишкерлер мындан да чоң нерселерди максат кылышат!

Мисалы, 2014-жылдан бери Ысык-Көлдөгү Чоң-Өрүктү айылындагы “Ала-балык” чарбасында жөнөкөй форелди эмес, алтын түстөгү форелдин элиталык түрүн өстүрүп келишет. Аны Түндүк Америкада XVIII кылымдын аягында эле өстүрүп чыгарышкан экен. Ал башка форелдерден түсү менен гана эмес, эң даамдуу эти менен да айрымаланат. Бул балыктын салмагы 5 килограммга чейин, ал эми узундугу 80 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн. Бирок ысык-көлдүктөр аны 3 килограммга чейин гана жеткирип, Бишкектеги маркеттерге өткөрүшөт экен. Аны андан да ары, Орусияга да сата алышмак, бир гана заманбап фитосанитардык лабораториялардын жоктугу балыкчылардын кендирин кесип жатат... Уругун фермерлер АКШдан алышат, жемин – Түндүк Европадан. Ооба, бул өтө кымбат, анан да алтын форель жайыраак өсүп, бөпөлөп багып кароону талап кылат. Бирок да анын кирешелүүлүгү баарын актап кетет дейт балыкчылар.

ЖАКЫРЛАРДЫ БАЛЫК МЕНЕН ТОЙГУЗУУ ЖЕҢИЛ ЭЛЕ! БАЛЫК ӨСТҮРГӨНДҮ ҮЙРӨТҮҮ ООРУРААК!

Бирок да бир маселе бар. Улуттук статкомдун 2018-жылдын экинчи кварталындагы тирлик минимуму тууралуу маалыматы боюнча, ар бир кыргызстандык балык продуктыларын сатып алганга айына орточо алганда 70 сомун коротот! Алабуга балык түрлөрүнүн учурдагы бааларын эске алсак бул болбогон эле акча. Бирок да аларды бардык эле кыргызстандыктар сатып алалбайт. Мына так ушул жерде баасы арзаныраак балыктарга көңүл бурсак болчудай: бул, биринчи кезекте, карп менен сазан, ак амур менен карась, сига менен толстолобик, пелядь, буффало, судак ж.б.

Эмне кылышыбыз керек? Жергиликтүү аткаминерлерди күтүп отурбай, эл аралык өнөктөр демилгени колго алышты. Мисалы, БУУнун Тамак-аш жана айыл чарба уюмунун (FAO UN) демигеси боюнча Кыргызстанда бир катар ассоциациялар түзүлүп, фермерлерди чабактар менен камсыздаш үчүн төрт питомник жана арзан балык жемдерин өндүргөн үч цех ачылган.

Былтыр жазында FAO UN уюмунун адистери 120 энтузиасттар үчүн тренинг өткөрүшүп, киреше алып келген чарбаны кантип иштетүү керектигин үйрөтүштү. FAO жана “Чүй-Талас айылдык консультациялык кызмат” фондусу биргеликте окутуу материалдарын иштеп чыгышты, биздин балыкчылар маркетингдин стратегиясы, бюджетти пландоо, чакан ишкерликтеги каржылык пландаштыруунун негиздери боюнча билим алалышты.

Ал эми 2018-жылдын июлунда Өзгөндө БУУнун Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш программасынын (БУУ БТП) жакыр үй-бүлөлөр үчүн долбоору башталды. Көлмөлөр казылып, адамдар балык өстүргөндү үйрөнүштү. Иши жана окуусу үчүн долбоордун катышуучулары акчалай сыйлык алышып, буга алар сазан менен амурдун 40 кг чабагын сатып алалышты. Өзгөндүн мэриясы жерди эки жылга бекер колдонууга бөлүп берди, андан кийин бул жерлер фермерлерге жеңилдетилген түрдөгү ижарага бериле баштайт. Жаңы фермерлердин планында балык менен жергиликтүү калкты жана Амир Тимур атындагы №5 орто мектебин камсыздоо. Бул мектепте БУУ БТП жана Орусиянын колдоосу менен жаңы окуу жылынан баштап кенже класстагылардын 540 окуучусуна ысык тамак бериле баштады. Жалпысынан алганда, акыркы эки жылда БУУ БТПнын колдоосу менен Кыргызстандын экономикалык жактан начар ройндорунда 40тан ашык балык чарбалары ачылды.

Ооба, заматта эле бардык көлмөлөрду балыктар менен толтурууга мүмкүн эмес. Ага көптөгөн жылдар керек. Бирок эң негизгиси – буга каалоо болушу зарыл. Эми мамлекет дагы бул маселеге бир аз көңүл бура турган болсо, балким, биз адам жашынын узактыгы боюнча ошол эле самурайлардын жана викингдердин тукумдарып кууп жетип калаттырбыз. А эмне экен, бардыгы болушу мүмкүн.

Азиз Карашев.

Фото WWW

Ссылка на оригинал публикации : nlkg.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...