Последние публикации

Ялкун Даутов: ИИМди тазалоо аягына чыга элек.

Ялкун Даутов: ИИМди тазалоо аягына чыга элек.

Ички иштер министрлигинин жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиянын чечими менен 92 кызматкерге чара көрүлдү. Маалыматка ылайык, алардын ичинен өз ишиндеги кемчиликтери жана ыкчам-тергөө иштерин тийиштүү деңгээлде уюштура албаганы үчүн милицияда иштеген 15 жетекчи кызматтан алынды, 77 жетекчи дисциплинардык негизде жазага тартылды жана эки милиция башчысы ротацияга туш болмокчу.

13-июлда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышкан жыйында кабыл алынган чечимдер боюнча Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрага орун басары Ялкун Даутовго суроолорду узаттык.

Марал: Өз ишин жөндөй албаган милиция кызматкерлерине карата буга окшогон көп сандагы адамдар кызматынан кол жууган жана тартиптик жазага тартылган кайсы учурду эстей аласыз?

Ялкун Даутов: Бул процессти биз тазалануу процесси деп айтсак болот. Өзүңүздөр билгендей 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинде президент көп тапшырмаларды берген. Ошол тапшырмаларды аткаруу боюнча бул биринчи кадам деп эсептесек болот. Экинчиден мындай тазалануу жыл сайын эле жүрүүдө. Бирок бул жетиштүү эмес. Анткени коомчулукта ИИМ кызматкерлерине сын-пикирлер көп. Алар өз ишин так аткарбай, коррупцияга барган учурлар болуп жатат. Негизинен коомчулукта айтылган сындарды угуп ошонун негизинде ИИМ дагы жыйынтык чыгарыш керек.

Президент министрликтин алдына реформа жүргүзүү тапшырмасын койду. Бирок ал кичине артта калууда. Ошондуктан аны тез арада жасап, жаңы критерийлердин негизинде иштеп баштоо зарыл. Башкы максат эл менен чогуу иштеп, коомчулукта айтылган сындар менен сунуштар кабыл алынып, тыянак чыгарыш керек.

Марал: ИИМ кызматтан алынган жетекчилерди ачык жарыялаган жок. Негизи эле көп учурда кайсы кызмат адамдары жаза алат?

Ялкун Даутов: Бир катар кызматтардын жетекчилери, эки райондук милиция бөлүмүнүн башчылары кызматтан кетип, көп жетекчилер сөгүш алды. Негизи ар бир райондук ички иштер бөлүмүнүн ишин баалоо системасы бар. Анда кайсы милиция бөлүмүндө канча иш козголду, канчасы ачылды бул тууралуу ИИМдин башкы штабы маалымат топтоп ал коллегияда талкуу болот. Андан соң гана тиешелүү чечимдер чыгат. Мындай иштер жарым жылдык, тогуз айлык, бир жылдык коллегияда болуп турат.

Марал: Өзүңүз айткандай коомчулукта милицияга болгон нааразычылык күч. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ИИМдеги реформаны жүргүзүп, элдин ишенимин кайтарып келе алабы?

Ялкун Даутов: Кашкар Астаканович башынан эле милицияда иштейт. Генерал, бардык баскычтан, сыноолордон өткөн. Буга чейин аз убакытка министр болуп иштеген азыр кайра бул кызматка келди. Учурда милицияда тартип күчөп жатат. Менин пикиримде убакыт берилип, президент койгон тапшырмаларды так аткара алса жыйынтык болот. Бирок эң негизгиси коомчулук менен тыгыз иштеш керек. Маселелерди коомчулукка жарандык активисттер, журналисттер аркылуу ачыкка чыгарып чогуу иштесек ошондой жыйынтык болот. Милиция эң башкысы элге кызмат кылыш керек.

Бакыт Төрөгелди уулу

http://maralfm.kg/archives/325666

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...