Последние публикации

Акаев: памирлик кыргыздарга көңүл бурулбай калды

Акаев: памирлик кыргыздарга көңүл бурулбай калды

Парламенттин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанга келген памирлик кыргыздарга өкмөт тарабынан көңүл бурулбай жатканын айтып чыкты. Акаев мындан улам эки үй-бүлө Памирге кайра кетүүгө камынып жатканын билдирди.

- Нарындан Куланак айылынан жер бөлүп берүүсү каралган экен. Бирок азыр бир топ маселелер боюнча өкмөттүн көңүл буруусу токтоп калыптыр. Нарындын элинин жылуу тосуп алганына ыраазы экен. Бирок жер маселеси чечилбей жатыптыр. Жакында эки үй-бүлө кетүүгө камынып жатат. Анда бүтүндөй өлкө уят болобуз, - деди депутат.

Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 30дан ашыгы учурда Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүп жатышат. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен Ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алуу үчүн убактылуу келишкен.

Ссылка на оригинал публикации : www.azattyk.org

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...