Последние публикации

Сарыбаев: саясий туруктуулук жок өлкөдө өнүгүү болбойт

Сарыбаев: саясий туруктуулук жок өлкөдө өнүгүү болбойт

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев өлкөнү өнүктүрүү үчүн өндүрүштү жандандыруу зарылдыгын айтты.

Саясий туруктуулук жок өлкөдө өнүгүү болбойт. Мындай пикирин Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, демократиялуу мамлекетпиз деп эле кайра-кайра өкмөт алмаштыруу экономикага терс таасирин тийгизүүдө.

"Саясий туруксуздуктан улам сырттан келген инвестор эмес, өзүбүздүн ишкерлер өлкөдөн качып кетип жатышат. Биз аларга шарттарды түзүп бербей, тескерисинче, тоскоолдуктарды жаратып жатабыз. Салык маселесинде да, бизнес жүргүзүү механизмдеринде да мүчүлүштүктөр чоң. Тиешелүү органдар аларды жолго салбай эле кызмат бөлүшүү менен алектенип келе жатат. Өлкөдө экономикалык өсүш болуусу үчүн биринчи кезекте саясий туруктуулукту камсыздашыбыз керек", — деди Сарыбаев.

Ал саясий туруктуулук болсо Кыргызстандын көп тараптан өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.

Ссылка на оригинал публикации : sputnik.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...