Последние публикации

Мушкер Азат Үсөналиев Монголиядагы мелдеште жеңүүчү болду

Мушкер Азат Үсөналиев Монголиядагы мелдеште жеңүүчү болду

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев Монголияда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришкендей “Ulanbaatar Cup-2018” мелдеши 19-июндан 25-июнга чейин Улан-Батор шаарында өттү.

Ага Монголия, Орусия, Казакстан, Индия, Кытай, Тайланд, Түштүк жана Түндүк Корея, Иран, Кытай Тайбэйи жана Кыргызстандын мушкерлери катышты.

52 килограммга чейинки салмакта таймашка чыккан Азат Үсөналиев жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Алгач түндүк кореялык Ким Унг Сонгду 4:1, экинчи беттешинде монголиялык Гангхуанг Ганэнердени 3:2 эсебинде жеңип алган. Финалда жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, түштүк кореялык Хисоп Ли менен мөөрөй талашып, 3-раундда атаандашы таймашты улантуудан баш тартып жеңүүчү болду.

Бул мелдешке катышкан дагы бир кыргызстандык мушкер Равшанбек Шайлообек уулу чейрек финалда атаандашына жеңилип байгеден куру калды.

Ссылка на оригинал публикации : www.azattyk.org

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...