Последние публикации

Түрк дүйнөсү Ч.Айтмотовдун 90 жылдыгын белгиледи

Түрк дүйнөсү Ч.Айтмотовдун 90 жылдыгын белгиледи

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын бир эле кыргыз эли эмес, дүйнө эли белгилеп жатат. Ушул күндө Түркияда Түрксой Түрк маданиятынын эл аралык уюму Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып, докладдар окулуп, 90 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилеп жаткан учуру. Эске салсак, буга чейин Түрк маданиятынын эл аралык Түрксой уюму 2018-жылды “Ч.Айтматов жылы” деп белгилеген.

Анкарада Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын баалап, анын 90 жылдыгын белгилөө үчүн Кыргызстандан, Азербайжандан, Казакстандан, Түркиядан окумушутуулар, жазуучулар, маданият өкүлдөрү чогулду. Түрксой Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеиновдун айтымында түрк эли бул күндү чыдамсыздык менен күткөн. “Түркиялыктар үчүн анын чыгармачылыгы өзгөчө орунда турат”,- дейт.

-Ч.Айтматовдун чыгармаларын түрк эли баалап окуйт. Аябай жакшы көрөт. Замандаштары, анын чыгармаларын жакын көруп баалагандар көп.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов мындай иш-чаралар Ч.Айтматов үчүн эмес, биз үчүн керектигин белгилейт. Өзгөчө үй-бүлө институтун курууда анын чыгармалары чоң үлгү жана сабак деп буларга токтолду.

—Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө ага эмес, бизге керек. Анткени, анын чыгармаларын окуп, 1960-80-жылдары үлгүлүү үй-бүлөлөр түзүлгөн. Анын баары Ч.Айтматовдун жазгандарынын таасири деп билем. Ал эми азыр болсо жаштар интернеттен сүйүп, үй-бүлө баалуулугу жокко эсе. Бүгүн биз ошол чыгармаларды кайрадан окуп чыгууга муктажбыз.

Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата Кыргызстанда да бир катар иш-чаралр бекитилип, адабияттар жарык көрөт. Филология илимдеринин дкотору, профессор Абдылдажан Акматалиев башка өлкөнүн балдары Айтматовдун чыгармалары менен чоңоюп жаткандыгы кубандырат дейт.

-Мына 90 жылдыкка карата мектептреде да анын чыгармалары окутулуп, талкуулар жүрүп, конкурстар өткөрүлүптүр. Бул кубандырат.

Маалыматка ылайык, Түрксой уюму уюштурган маараке Анкара, Стамбул, Кастамону жана бир катар шаарларда өтөт. Анда Кыргызстандан барган маданият өкүлдөрү Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып аткарышат.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...