Последние публикации

Жаныш Кулманбетовдун «Кыргыз театры» атуу китеби чыкты

Жаныш Кулманбетовдун «Кыргыз театры» атуу китеби чыкты

16-апрелде театр таануучу, драматург, режиссер жана публицист Жаныш Кулмамбетовдун «Кыргыз театры» аттуу китебинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясы кабарлады.

Иш-чарага окумуштуулар, театр жана кино ишмерлери, искусство таануучулар, адабиятчылар, театр өнөрүнө кызыккандар чакырылган.

Автор «Кыргыз театры. Тарыхый-теориялык экскурс» аттуу китебинде кыргыздын эпикалык театрына аныктама берип, урунттуу учурларын саясий-идеологиялык контекстте караган. 1926-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки 100 жылга чамалаган тарых барактарын тартуулайт.

4 бөлүмдөн турган изилдөө эпикалык театрдан тоталитардык жана эгемендик доорлорду баштан кечирген кыргыз театрынын тарыхын камтыйт.

Жаныш Кулмамбетов 70ке жакын пьесанын автору. Анын чыгармалары Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Армениянын басылмаларында жарык көрүп, пьесалары сахналаштырылган. Ал жыйырмага чукул кинофильм, 4 даректүү тасма, 17 спектаклдин режиссеру.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...