Последние публикации

Өзбекстан Баткен облусуна 2 тез жардам унаасын тапшырды

Өзбекстан Баткен облусуна 2 тез жардам унаасын тапшырды

Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна эки тез жардам унаасын тапшырды. Унааларды тапшыруу аземи бүгүн “Кадамжай” пунктунда болду.

Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, аксакалдар жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Баткен облусунун өкүлү Өзбекстандык коллегасына ыраазычылык билдирип, эки делегат тең бири-бирине улуттук кийимдерди белек кылышты.

Тез жардам унаасынын бирин Баткен шаарынын жашоочуларын тейлегенге, экинчисин Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылындагы жалпы дарыгерлер борборуна жөнөтүшөт.

Ссылка на оригинал публикации : kabar.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...