Последние публикации

Өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы турмуш-тиричилик абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт

Өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы турмуш-тиричилик абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт

Шейшемби күнү, 13-февралда, “Түндүк электр” ААК өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы 7 224 турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосун өчүрүүнү мерчемдөөдө, алардын карыздары 24,2 млн.сомго жакын каржыны түзөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААК басма сөз кызматы билдирет.

Кыш мезгилинин ызгаар суугунда ыңгайсыздыктарды жаратпаш үчүн акционердик коом дебиторлорго тез арада карыздарын төлөөнү сунуштайт.

“Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Ссылка на оригинал публикации : kabar.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...