Последние публикации

Кыргызстан К4 жана К5 классындагы бензинге өтөт. Артыкчылыгы эмнеде?


Кыргызстан К4 жана К5 классындагы бензинге өтөт. Артыкчылыгы эмнеде?

ЕАЭБ талаптарына ылайык, мындан ары Кыргызстан менен Казакстанда К3 классынан төмөн болгон күйүүчү жана майлоочу майды сатууга тыюу салынат

Кыргызстан менен Казакстанда быйыл 1-январдан тарта чекене сатылып жаткан бензин жана дизель майлары К4 жана К5 экологиялык классына жооп бериши керек. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай күйүүчү майлар абага зыяндуу заттарды көп чыгарбайт. Мисалы К3 экологиялык классы менен К4 классындагы майды салыштырганда бензиндин курамындагы күкүрттүн курамы үч эсе аз. Ал эми К5 классындагы бензинде 15 эсе аз болот.

Экологиялык класстагы күйүүчү майлардагы күкүрттүн курамы:

К3 — бир килограммга 150 миллиграмм туура келет;

К4 — бир килограммга 50 миллиграмм туура келет;

К5 — бир килограммга 10 миллиграмм туура келет.

Ошентип 2017-жылдын 31-декабрында ЕАЭБдин "Автоунаа жана авиациялык бензинге болгон талап жөнүндөгү" техникалык регламентинин өткөөл жобосу аяктаган.

Арменияда, Белоруссияда жана Россияда К5 классындагы бензинге өтүү 2016-жылдын 31-декабрында аяктаган. Ал эми К5 экологиялык классындагы дизелдик майга өтүү 2015-жылдын 31-декабрында жыйынтыкталган.

Ссылка на оригинал публикации : sputnik.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...