Последние публикации

Нарында Памирлик кыргыздар менен жолугушуу өтөт

Нарында Памирлик кыргыздар менен жолугушуу өтөт

Бүгүн, 13-октябрда Нарын облусунда Кичи жана Улуу Памир аймагынан келген кыргыздар менен жолугушуу өтөт. Ага вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова катышат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

11-октябрда Кыргызстанга Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын балдарын алардын ата-энелеринин жана жакындарынын коштоосунда өлкөнүн билим берүү мекемелеринде окутуу үчүн алынып келген. Анын ичинде 6 үй-бүлөдөн турган 33 адам бар.

Алардын он жетиси 18 жашка чейинки балдар. Арасында чогуу келген кош бойлуу айым жана 1,5 жаштагы бала бар. Учурда алардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Бардык Памирден келген этникалык кыргыздар жана алардын балдары Нарын облусуна жайгаштырылат.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...