Последние публикации

Топчугүл Шайдуллаева: Ыр уккан баланын тили так чыгат. Бешик ырын билген барбы?


Топчугүл Шайдуллаева: Ыр уккан баланын тили так чыгат. Бешик ырын билген барбы?

Колумнист Топчугүл Шайдуллаева бешик ырынын ордун, маанисин жана анын бөбөккө канчалык керек экендиги туурасында ой-толгоосун жазды. Азыр чындыгында бөбөктөр бешик ырларын чанда угуп калган чак.

Жүзүмдөрү ийилип бышкан жерге беребиз

Алмалары топулдап түшкөн жерге беребиз…

Мен уккан бешик ырынын ичинен эсимде аликүнчө калган саптары ушундай. Эсимде калган дегеним, бул ырды кийин чоңоюп, бешикке жатпай калганда деле энем мени эркелеткенде ырдап калчу. Ал ырдын обону да энемдин (чоң апамдын) каргылданган доошу менен көкүрөктө калган, кез-кезде кулакка жаңырып, мени кадимкидей толкундатат, айылга ата-энемдин үйүнө, балалыкка жетелейт. Азыр ойлосом, биздин энелер ушунча чыгармачыл, азыркы тил менен айтканда креативдүү болушкан, алар кыз балага, уул балага карата бешик ырларын өз-өзүнчө токуп ырдашкан. Ырдаганда да өтө берилип, кээде көздөн жашын куюлта көкүрөгүндөгү муңун кошо айтып, бар үмүт-тилегин перзентине байлап обон созгон. Бешик ыры баланы эле сооротуп, уктатпастан, эненин өзүнө да оӊой эмес эмоция тартуулаган. Эне баласына тилек-мүдөөсүн айтып ырдоо менен өзү да жеӊилдеген, кыйналганы, арып-чарчаганы басылган, алыстагы ата-энесине, бир туугандарына болгон сагынычы, кусасы басаӊдаган.

Эзелтен көчмөн элдин бала чоңойтуусунда бешиктин аткарган функциясы өтө чоң болгон. Бешик баланын уктоочу жери гана болбостон, анын үйү болгон. Бала көп учурда бешикте жаткан, колун чыгарып ойногон, эмчек эмген, асты кургак болгон, бешик сууктан коргогон.

Бешик ырлары – аялзаты чыгармачылыгынын бир өӊүтү. Салттуу коомдо аялдар өздөрүнүн көркөм чыгармачылык талантын эки гана жерде ача алышкан. Бешик ырларын ырдаганда жана кошок кошкондо. Экөөндө теӊ аялзаты көзүнө жаш чайып, көкүрөгүндөгү тилегин, үмүтүн, муӊун, кусасын чыгарып үн чыгарган. Аялдардын ырлары үн менен коштолуп, күнүмдүк жашоодогу анын кайгы-кубанычын, ызасын, сагынычын чагылдырып турган. Айрыкча, бешик ырларын энелер ар кандай социалдык мотивдерди, тигил же бул кырдаалды чагылдырып, ар дайым сөздөрүн жаӊылап ырдашкан. Бешик ыры эне менен баланын ортосундагы бекем эмоционалдык байланышты камсыздаган. Анткени эненин үнү наристени камкордукка, мээримге бөлөп, коопсуз экенин сездирип, магдыратып уйкуга жетелеген.

Бүгүн биздин энелердин дээрлик көбү, баарысы десем да болот, бешик ырын ырдабай калышты, ырдай да алышпайт. Анын маанисине да кайдыгер карашат. Ошол эле учурда бала тарбиялоодогу салттуу педагогиканын маанилүү элементи болгон бешик ырларына наристелерибиз бүгүн деле муктаж экендигин заманабий адистер да тынбай айтып келишет. Анткени бешик ырын угуп чоӊойгон баланын социалдык-психологиялык өнүгүүсү бир топ жогору экендиги практикада далилденген. Алсак, ыр уккан баланын тили бат жана так чыгып, угуу жөндөмү тезирээк өрчүгөн, уйкусу тынч, бейпил болгон. Бешик ыры баланын айлана-чөйрөнү таанып билүүсүн эртелеткен. Ыр аркылуу баарлашуу баланын кабыл алуусун, эс-тутумун эрте калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Биздин муун жапырт бешик ырын угуп чоңойдук. Энесинин алдейлеген ырына көшүбөгөн наристе барбы, ал үндөн кубат алып, энесинин үнүнө термелип, ырахаттана көзүн жуумп магдыраган наристени биздин муун өзү да чоңойтту.

Бешик ырларын азыркы наристелер укпай калды, миӊдеген наристелер бешик ыры эмне экенин билбей чоӊойууда. Бешик ырын ырдаган энелерибиз саналуу гана. Айрым ата-энелер авторлор жаратып, музыка коштоосунда ырдалган даяр бешик (алдей) ырларын балдарына угузушат. Бул ырлар балдарды уктатууга эмес, сахнада ырдоо үчүн угуучуларга арналып даярдалганын биз Кыргыз радиосунун Алтын фондусунда сакталган бешик ырларына талдоо жасаганда байкадык. Анткени ырлар атайын симфониялык оркестрдин коштоосунда же эстрадалык музыканын коштоосунда бийик үн менен ырдалат. Экинчиден, наристе үчүн кандай болсо да өз энесинин үнүн, тилегин угуудан өткөн жагымдуу ыр жок экенин баарыбыз билебиз.

Бешик ырын ырдайлы, урматтуу энелер!

Ссылка на оригинал публикации : sputnik.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...