Последние публикации

Өлкө боюнча зордуктоо фактылары өсүүдө

Өлкө боюнча зордуктоо фактылары өсүүдө

Өлкө аймагында зордуктоо жана зордуктоого далалат кылгандардын саны өсүүдө. Мындай көрсөткүч ИИМдин 6ай ичиндеги жыйынтыгында белгилүү болду. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын биринчи жарым жылдыгына караганда 31ге көбүрөөк. Өткөн жылдын 6 ай аралыгында 146 зордуктоо фактысы катталса, быйылкы 6 айда ал 177ге жеткен жана анын 168нин бети ачылган. ИИМге күндө түшкөн кылмыш топтомунда сөзсүз 2 же 3 зордуктоо фактысы болуп турат. Мындай кылмыштуулук көбүнчө Бишкек жана Ошто көбүрөөк кездешет.Кылмышка баргандардын жана жабыркагандардын жаш өзгөчөлүгү 18 жаштан 35 жашка чейинкилер экендигин ИИМден маалымдашты.

Ар бир аң сезимдүү адам өзүн башкара билүүгө милдетүү. Ал эми мындай иштердин алдын-алуу үчүн коомдун психикалык жактан ден-соолугун чыңдоо иштери бүгүн көрүлбөсө эртеңки күнү кеч болуп калышы толук мүмкүн.

Ушундай жаман жосундарга коомчулуктун мамилеси абдан кайдыгер болуп кетти. Уяткаруу деген түшүнүк жок калды. Атасы баласы менен иши жок. Бул адамдын керт башынын эркиндиги деп атып ашынып кеткендик жана улуулардан нарктын кетиши. Бала бакчадагы, мектептеги тарбияны канчалык күчөтпөйлү улуулар оңолмоюн жаштар эзели оңолбойт. Бул маселени жаманды жазалоо жолу менен эмес, жакшыны даңазалоо жолу менен чече алабыз дейт серепчилер .

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...