Последние публикации

Кыргыз жана түрк үй-бүлөнүн ортосунда бөйрөк алмашылды

Учурда Кыргызстанда бөйрөк дартына кабылгандардын саны арбып бараткансыйт. Бөйрөк дартына жаштар, өспүрүмдөр жана наристелер да чалдыгууда. Оорулуулардын көбү каражаттын, өлкөдөгү медициналык борборлордо керектүү жабдыктар жетишпестигинен улам операция жасатуу үчүн чет өлкөлөргө кайрылышууда.

Мындай ооруга Гүлиниса Болотова дагы кабылган. Анын уулу Нурбек Аданбаев өзүнүкүн апасына туура келбей калгандыгы үчүн бир бөйрөгүн Түркиянын Кайсери коопсуздук башкармалыгынын полиция кызматкери, 42 жаштагы Мустафа Деңизге берген, ал эми өз кезегинде Мустафанын аялы 35 жаштагы Биргүл Деңиз өзүнүн бөйрөгүн Гүлиниса апага берген. Анталиядагы “Медикал парк” клиникасынын органды трансплантациялоо борборунун жетекчиси, профессор, доктор Алпер Демирбаш: “Түркияда кыргыз жана түрк үй-бүлөсүнүн эпке келишип, сүйлөшүп бири-бирине бөйрөгүн берип алмаштыруусу алгачкы жолу болуп жатат. Операция ийгиликтүү өттү”,-дейт.

Гүлиниса Болотова: “Бөйрөк алмаштырууда кандын тобу туура келбей кыйналдык”

Мен 61 жаштамын. 1999-жылдан баштап катуу ооруй баштадым. Биздин дарыгерлер оорумдун так аныктамасын кое алышпады. 2002-жылдан баштап Ош облустук ооруканасынын жасалма бөйрөк бөлүмүнө жатып дарыландым. 2005-жылы бул клиникадан “пиелонефрит” деп так аныктама коюшту. Кийин 2006-жылы Бишкекке келип Улуттук госпиталдан, ал эми 2008-жылдан тарта КРнын Ултуттук кардиология жана терапия борборунун нефрология бөлүмүндө дарыландым. Быйыл марттан баштап дарыгерлер “эми өмүрүңүздү гемодиализ гана сактап калат, бул аппаратка отурушуңуз керек, фильтрация тогуз пайызга чейин түшүп кеткен ” дешип дарылабай койду. Ошентип Түркияга жөнөп калдык, ал жактын Анталия деген шаарында жайгашкан “Медикал парк” клиникасында операция жасаттым. Операция болгондон кийин жети күндөн кийин ооруканадан чыктым. Ар эки жумада дарыгердин көзөмөлүндө болуп туруу керек экен. Менин каным 3 топто. Бул жактан күйөө балам менен уулум барган болчу, алардыкы дагы 3 топто экендигине карабастан экөөнүкү тең мага туура келбей калды. Түркияда гемодиализ же жасалма бөйрөк аппаратына кезек күткөндөрдүн саны арбын экен. Алар бири-бири менен өз ара сүйлөшүп кимдин бөйрөгү туура келбей калса алмаштырып жасатып алышат экен. Биз дагы ошол жерден кезекте турган түрк үй-бүлөсү, жубайлар Мустафа Деңиз жана Биргүл Деңизди жолуктурдук. Мында аялы күйөөсүнө бөйрөгүн бериш керек эле, бирок күйөөсүнө туура келбей жаткан экен. Ошентип уулум Нурбек Мустафага, ал эми Мустафанын аялы Биргүл бөйрөгүн мага берди. Учурда абалым абдан дурус. Эми мындан кийин ошол жактын түрк дарыгерлери менен Кыргызстандын дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп турам. Түрк туугандарга ыразычылыгыбызды билдиребиз, алар менен интернеттен байланышып турабыз.

Нурбек Аданбаев: “Бир айча өзүмдү начар сезип жүрдүм”

Биз жети бир тууганбыз, мен эң улуусу болом, кырк жаштамын. Мустафага бөйрөгүмдү бергенден кийин өзүмдү бир айча начар сезип жүрдүм. Эми болсо эки ай болуп калды, абалым жакшы, мурункудай. Ал жактын дарыгерлери абдан жакшы карайт экен, ооруканасы болсо Кыргызстандын клиникаларына салыштырмалуу албетте бир топ эле жогорку деңгээлде жана бардык шарттар менен камсыз кылынган. Биз алгач апамды Анталия шаарындагы Акдеңиз деген госпиталга алып барганбыз, анализдерин ошол жактан дагы тапшырган, ал жактын дагы кызмат шарты мыкты экен. Бир гана жери оорулуу дарыланып чыккандан кийин, аны көзөмөлгө албайт экен. Бизди түрк туугандар бөтөн эл дебей кабыл алгандыгына аябай ыраазы болдум.

Мамарасул Аданбаев: “Жубайыма каражатты өзүбүз чогулттук”

Мен Гүлинисанын жолдошу болом, 64 жаштамын. Тийиштүү каражатты, бир балам үйүн сатып, дагы бирөөсү унаасын сатып кыскасы өзүбүз чогулттук. Дарыланууга баш-аягы 30 миң доллар каражат сарпталды. Азыркы тапта өлкөбүздө көпчүлүк адамдар бөйрөк дартынан жабыр тартууда. Аларга багыт катары айтып кетер элем. Түркияга барганда тилден абдан эле кыйналдык. Ал жакка эч маалыматы жок эле жөнөп кеткенбиз, дагы интернеттин күчү менен маселени чечип алдык. Дегеним, Кыргызстанда ушул дарт менен ооругандарга багыт көрсөтө турган жок дегенде атайын кеңешме пунктун ачып койсо жакшы боло турган. Аллахымдын амири менен шыпаа таап келдик.

АЙЗАДА КАСЫМБАЕВА

26.07.2013

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...