Последние публикации

Кыргыздын жерин Өзбекстан көптөн бери талашып келет

Кыргыздын жерин Өзбекстан көптөн бери талашып келет

Жалал - Абад облусунун Ала - Бука районунда жайгашкан 19200 гектар жерди Кыргызстан менен Өзбекстан бир нече жылдан бери талашып келишет. Кыргыз тараптын айтымында азыркы учурда ал жер Кыргызстанга да, Өзбекстанга да карабай ортодо турат. Бирок кыргыз тарап буга өтө нааразы.

Бул көйгөй тууралуу Көк - Таш, Орто - Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Абдиев маалымат берди:

"Биз Кыргызстандын чек арасында жашайбыз. Өзбекстан тарап биздин жалпы аянты 19200 гектарды түзгөн жерди талашып келишет. Көк - Таш айылында менин 240 кожолугум бар. Бизде көбүнчө чарбачылык. Эгерде бул жайыт болбосо, анда биз башка жерге көчүп кетишибиз керек. Анткени 4 миңдей жандык ушул жайытка чыгат. 2011 - жылы Өзбекстан тараптан элдер үйүбүзгө чейин кирип келишип, тапанча такап басым көрсөтүшкөн. Биз азыр коркунуч менен жашайбыз".

Аталган айыл өкмөтүнүн жер адиси болуп иштеген Жаныш Байнаевдин айтымында, Өзбекстан тарап талашып жаткан жер Кыргызстан тарапка карайт экенин жашы өтүп калган ак сакалдар тастыктап жатышып, андан эч кандай жыйынттык чыкпай жатат.

"Токон Мамытов келип, оң жагына чечем деп жатты эле. Ал жумуштан бошоп кетпедиби. Элдин кыжыры келип жатканынын себеби, ушу убакка чейин бул маселенин чечилбей жатканы. Талашып жаткан жерде биздин мазарларыбыз бар болсо, биздин эл жашаса, туура эмес да алардын талашканы".

"Кыргыздын жери кыргызда эле калыш керек, аны эч кандай күч бизден тартып кете албайт", - деп билдиришет тургундар. Алардын бири Көк - Таш айылдык аймагында социалдык маселелер боюнча жетектөөчү болуп иштеген Алмакан Жуманазарова:

"Бул кыргыздын территориясы. Бул жердин Өзбекстанга өтүшүнө биз 100 пайыз каршыбыз. Мамлекет оң жагына чечип беришине ишенебиз".

Жергиликтүү тургундардын айтымында талаш жер эртерээк чечилбесе чоң көйгөйдү жаратышы мүмкүн.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...