Последние публикации

Жаркынай Болот кызы: “ Батирден чык десе кайда барарымды билбей олтурам”

Жаркынай Болот кызы: “ Батирден чык десе кайда барарымды билбей олтурам”

“Менин атым Жаркынай Болот кызы, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунда туулгам. 1992-жылкы болом. Айылдан атам каза болгондон кийин 2003-жылы алтынчы классымда Бишкекке келгенбиз. Башынан эле батирде жашайбыз. Апам сиңдим экөөбүздү жалгыз бакса дагы эч кимден кем кылбады. Менин кандай болуп жүргөнүмдү райондо мени тааныгандардын баары эле билет. Турмушка чыккандан кийин жолугуп, көрүп алышып эмне болуп калгансың деп таң калышты.

Окуп жүрүп, 17 жашымда турмушка чыгып кеткем. Жолдошум менден төрт жаш уулу. Эки балалуу болдук. Жолдошум менен таарынышып эки жолго июнь айында түшкөнбүз. Алгач кыздуу болгондо күйөөм кетип калган. Анан мүмкүн жакшы жашап кетебиз деп экинчи балалуу болдук. Бирок болбоду. Келип балдарымды сурап турат. Бирок жардам деле жок.

Кыш күнүндө жумуш жок. Тигүүчү болуп иштеп жаткам. Ал дагы токтоп калды. Азыр эки кичинекей балам менен апам багып жатат. Өзү кафелерде идиш жууп иштеп жүрүп, ооруп да калды. Жумуш жок эмне кыларыбызды билбей жатабыз. Социалдык фонддордон да жардам көрө элекпиз. Бирок жардам алыш үчүн дагы шаардан каттооң болуш керек экен. Биз батирлеп жүрсөк кайдагы каттоо. Ушунча жашап жүрүп күйөөм дагы өз үйүнө каттоого тургузган жок. Бала үчүн эле келет. Жашайм дейт, бирок иштеп, пайдасы тийбеген соң, баягы эле акыбалга түшөбүз да. Иштебейсиңби деп күйөөмө айтсам, “билгениңди кылып ал” дейт.

Бул жерде биздин үй-бүлөнү тоготпоо болуп жатат. Алардын үйү, машинасы бар. Биз болсо батирде турабыз. Көчөгө эле баса берет. Эч бир иштегиси келбейт. Үй-бүлөнү багайын дебейт. Турмушка чыккандан алты айдан кийин эле иштей баштадым. Өзү белин оорутуп алып үйдө жатып калды. Ата-энесине эле таяна берет. Ата-энесинен жардам сурайын десең, кайненем жалгыз иштейт. Кайын атам дагы үйүндө жатат.

Батир айына свети менен 4 миңге чыгып кетип жатат. Отун, көмүргө эле акча кетүүдө. Бул айда аябай кыйналдык. Батирдин 2 миңин төлөп берчи деп жолдошумдан айла жоктон акча сурасак, таап бере албай койду. Алимент өндүрүп алалы десек, үй-бүлөсүнүн тааныштары көп экен, балдарды алып коёбу деп корком. Алып качкан күндөр болгон. Улуу кызымды кайненем алып кетип жатканда колумда 2 айлык балам бар эле. Талашып жатып кулап түшүп, башым менен катуу тийип, бейтапканага түшүп, психикалык травмага дуушар болдум. Балам дагы тоголонуп кетти. Апамдын да жүрөгү кармап калды. Телефону өчүрүлүү, балам менен байланыша албай жинди болуп кетейин дегем. Кийин кайра өздөрү алып келип беришти. Ажырашууга берели десек, колунда бар эмелер сотко берип, тартып алабы деп коркуп жатам. Жалгыз неберелери болгондуктан талаша беришет. Үйлөрүнө барып алайын дегем, бирок кемпирдин тамагын жегенден уяласың да. Тапканыбыздын баары эле тамак ашка кетип калат. Балдарымды кийинткенге жетпейт. Турмушка жаңы чыгып, иштеп жүргөндө эч сөз тийгизчү эмес. Башында төрөй албай жүргөндө да 3 жыл өзүм дарыландым. Ошондо да күйөөм жардам бербеди. Кайындарымдан бир сомдук жардам болбоду. Кайын энем “күйөөңө сен айт” деп мени табалашат. Эң кызыгы, эки айлык балам менен кайын энем иштей бербейсиңби дегени болду. Сиңдим дагы бир аз жардам берет. Бирок анын өзүн бүлөсү бар да.

Сиздерге кайрылуубуздун себеби бизге учурда тамак-аш, көмүр, ошондой эле бир айлык батир акчасы болсо жакшы болот эле. Кожойке улам акчасын сурап, батирден сыртка чыга албай калдык. Убактысы да келип калгандыктан чык десе кайда барарыбызды билбей олтурам. Кыштан аман чыксак эле, өз жүгүбүздү тартып кетет элек.

Бул учурда кепке көзүнө жаш алган Жаркынайдын апасы Жылдыз кошула кетти:

“Жумуш таппай, бүт кафелерге кирип чыктым. Күнүнө 500 сомго иштейм, кечке муздак сууга идиш жууйм. Даараткана жууп, идиштерди жууп, пол жууп деги эле өйдө көтөрүлө албай койдум. Ушу эки неберемдин курсагын ач калтырбайлы деп иштебеген жерибиз жок. Эмне деген клиенттер келет. Кара жумушта иштеп жүрүп, ден соолуктан айрылдык. Идиш жуугандар көрүнбөгөн жердебиз иштейбиз. Балдарга эле акча кетип калат. Кызым күйөөгө тийгенге чейин “антпейбиз” деп алышкан, анан үйү жок деп бөлө баштады. Кудагыйым мага үйүнө барып калсам. “Эй тамак жебейсиңби!” деп кайрылат. Бизди аябай эле басынтып салды. Былтыр дагы билинген эмес. Быйыл аябай кыйналдык. Эки неберемди багып жатам. Кызым аябай кыйналды. Бизде дагы бирөөгө көз каранды болуу деген жок болчу. Жаныбыз кыйналганынан минтип жардам сурап жатабыз. Бул күндөр дагы өтүп кетер деп өзүбүздү жубатып олтурабыз. Жумуш жоктугунан ушинтип жатабыз. Жакшы жумуш болсо эле өзүбүздүн арабабызды тартып кетет элек.”

Урматтуу окурман,эгер сиз айтылуу үй-бүлөгө кандайдыр бир жардам көрсөтө алсаңыз, төмөнкү телефондорго байланышсаңыз болот: 0772 43 42 99

Ссылка на оригинал публикации : saresep.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...