Последние публикации

Р. Акматбек: Инвестициялык форумга 123 долбоордон 40ка жакыны тандалды

Р. Акматбек: Инвестициялык форумга 123 долбоордон 40ка жакыны тандалды

Акча деген көмүскөдө же жаздыктын астында жатпашы керек. Акча экономикада кандын ролун аткарат. Ошондуктан акча жүгүрүп, иштеп турушу кажет. Өндүрүштөн баштап, курулуш материал, тестиль, кызмат көрсөтүү, кайра иштетүүгө чейин 123 долбоор келип түштү. Алардын ичинен 40 жакынын тандап, каталогго киргиздик.

Бишкекте ЖИА бизнес-ассоциациясы тарабынан “BIF-Бишкек Инвестициялык форум-2015” аталышында форум өттү. Анда ишкерлер менен инвесторлорго жолугушуу аянтчасы түзүлүп, форумда ийгиликтүү ишкерлер бизнести өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча тажрыйба бөлүшүштү. Форумдун негизги форматы эки тараптуу жолугушуу уюштуруп, колдоо көрсөтүү максатында эки тараптын бизнес долбоорлору көрсөтүлдү. Бул форумдун максаты жана андан күтүлгөн жемиш, ишкерлеге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек менен маектештик.

-Бул форумдун негизги максаты жергиликтүү мүмкүнчүлүккө ээ болгон ишкерлерди колдоо деп жатасыздар. Конкреттүү кандай колдоолор болот?

-Кризистик абалдын башталышы ишкерлер үчүн кыйынчылык туудурду. Ал эми өлкөбүздө белгилүү бир каражатка ээ болуп, бирок аны кайда жумшаарын же бизнеске кантип салаарын билбегендер бар. Алардын бул маселе боюнча кайрыла турган аянтчасы да жок. Ошол эле убакта өлкөдө чакан жана орто ишканалардын көбү кредит алууга мүмкүнчүлүгү жок. Чакан жана орто ишканалар үчүн кредит алуу өтө оор жана пайыздык үстөктөрү да жогору. ЕАЭБке кирдик деп өкмөттөн колдоо күткөн менен алгылыктуу жардам бере албайт экен. Бизнес үчүн каражат маселеси өтө маанилүү. Ошондуктан биздин максат, каржаты барлар менен "өсөм, чоңойом" дегендерди бир аянчага алып келип, жолугуштуруу болду. Форумдун негизги урааны “Акчаңы ойгот!” деп аталат. Акча деген көмүскөдө же жаздыктын астында жатпашы керек. Акча экономикада кандын ролун аткарат. Ошондуктан акча экономикада жүгүрүп, иштеп турушу кажет. Өндүрүштөн баштап, курулуш материал, тестиль, кызмат көрсөтүү, кайра иштетүүгө чейин 123 долбоор келип түштү. Алардын ичинен 40 жакынын тандап, каталогго киргиздик. Эми буларды бири-бири менен жолугуштурабыз.

-Кыргызстанда чакан жана орто бизнести жергиликтүү ишкерлердин инвестициясы менен бутка туруп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп келесиздер. Муну кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

-Калктын басымдуу бөлүгү инвестор десе, аны Робин Гуд сыяктуу кайрымдуу кишидей сезишет. Ошондуктан инвестор түшүнүгүн өзгөртөлү деп турабыз. Өзүбүздүн мекендештерди модель катары көрсөтүүнү максат кылуудабыз. Инвестор бул сенин чөнтөгүңө акча сала турган же сенин көйгөйүңдү чече турган киши эмес. Ал биринчиден сенин өнөктөшүң, сенин бизнесиңди алдыга жылдыра турган, ага каражат сарптай турган киши болот. Ошондуктан аны тартыш үчүн компания жагымдуулукту тартуулаш керек. Ошондо гана инвестор өз каражатын коротушу мүмкүн.

- Бул форум кандай жыйынтыктарды бериши мүмкүн? Кандай ишеничтер бар?

-Биринчи күткөнүбүз инвестор деген түшүнүктүн өзгөрүшү. Бири-бирибиз менен иштей алабыз деген ишеничти киргизүү. Коомчулукта анын ичинде бизнесте ишенич деген фоктор жок болуп баратат. Бизге долбоорлор келди. Бирок эч кимге ишенбегендиктен финансылык көрсөткүчтөрүн көрсөткүсү келбей жатты. Бизнесте ишеним деген фактор өтө маанилүү. Ал эми инвестор деген сөзсүз түрдө эле чет өлкөлүк болушу керек эмес.

-Ишкер менен инвесторго жолугушуу аянтчасын түзүп берип жатасыздар. Бул канчалык өзүнүн жемишин берет?

-Буга чейин деле мындай форумдар болуп келген. Бирок биз бул жерде конкреттүү сунуштарды сунуштайлы деп турабыз. Бизнесте эки тарап отуруп сүйлөшүү менен бүтүп калбайт. Андан ары сүйлөшүүнү уланта турган болуш керек. Ошондуктан бул форумду салтуу түрдө өткөрүп, кийинки жылдары да уланталы деп жатабыз. Айрым ишкерлер өздөрүнүн бизнес долбоорлорун жазганга даяр эмес экен. Менин долбоорум башымда, акылымда бар дешет. Ал эми кагазга түшпөгөн долбоордун ишке ашуусу оор.

-Бүгүнкү форумдан ишкерлерден эмнелерди байкай алдыңыз?

-Ишкерлердин өнүгүм деген каалоосун, келип инвестор менен жолугам деген аракетин байкай алдым.

Ошондой бул форумга Ысык-Көл облусунан келип катышкан Ысык-Көл агрокомпаниясынын директору Аскарбек Сулаймановду кепке тарттык.

-Айтсаңыз, аймактарда ишкерликке кандай көйгөй, тоскоолдуктар бар?

-Мыйзам чыгаруу тармагында бир топ кемчиликтер бар. Ишкерлер үчүн болгон мыйзамдар тескерисинча ишкерге көп тоскоолдук жаратып коют. Маселен, биздин компанияны түзүп жатканда Жапондор менен көп иш алып бардык. Ошондо юридикалык жактан көптөгөн тоскоолдуктарга кабылдык. Буга карата Жапондор, силердин мыйзамдарыңар ишкерликти өнүкпөй тургандай кылып чиймелеп салыптыр. Ошол чийимдердин барын чечмейинче силердин бизнесиңер өнүкпөйт дешкен. Мына ошол чийимдерди аттап өтүш үчүн коррупцияга кабылабыз. Ошондуктан мыйзам чыгуучулар, мыйзамдарды Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоол болбой тургандай кылып, кабыл алса дейбиз.

-Бүгүнкү форумдан эмне күтүп жатасыздар?

-Бул форум инвестиция издеп жаткан ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүк. Өзүбүздүн ичибизден инвесторлорду таап алсак жакшы болот. Анткени жергиликтүү инвесторлор менен бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Кантсе да бир мамлекетте, бир мыйзамга баш ийип иштейбиз. Мындай болсо, убакытты көп коротпой, бат иштешип кетебиз.

-Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Автор: Гүлназ Мамытова

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...