Последние публикации

Сууну көп ичүү интеллектуалдык жөндөмдү арттырат

Сууну көп ичүү интеллектуалдык жөндөмдү арттырат

Чыгыш Лондон университетинин илимий кызматкерлери адам мээсинин жакшы иштөөсү жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн жогорулатуунун эң жөнөкөй эрежесин жарыялашты. Тактап айтканда мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн кадимки эле суудан керектүү даражада ичүү зарыл дейт, илимий кызматкерлер.

Изилдөөчүлөрүн айтымында, бир стакан суу ичүү менен адамдын мээсинин иштөөсү 15%га жакшырат. Муну далилдөө үчүн изилдөөчүлөр ыктыярчыларды эки топко бөлүп, тест жүргүздү. Тактап айтканда биринчи топ эртең мененки тамактан соң, бир стакандан суу ичсе, экинчи топ ичкен эмес. Алардан атайын тест алынган.

Тесттин жыйынтыгында кадимки эле суудан ичкен топ, суу ичпеген топко караганда тестти жакшы тапшырышкан жана жогору баа алышкан. Бул тууралуу окуу жайдын расмий сайтында жарыяланды. Ал эми окумуштуулардын айтымында, адамдын организминдеги нымдуулук жеткиликтүү даражада болсо, бир гана мээ эмес, баардык органдар жакшы иштейт.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...