Последние публикации

Кризиске баш ийбеген Өзгөн күрүчү

Кризиске баш ийбеген Өзгөн күрүчү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Шоро-Башат айылынын тургундары быйыл түшүм былтыркыдай болгонуна шүгүрчүлүк кылышууда. Сезону ноябрдын 15ине барып аяктай турганын айткан аталган айылдын тургуну Мусаев Абдилла, быйыл күрүчтүн баасы былтыркыга салыштырмалуу кымбат болуп жатканына токтолду.

- Быйылкы түшүм жакшы. Жылдагыдай эле. Азыр кургатып жатабыз. Сезон 15-ноябрга барып бүтөт. Былтыр күрүчтүн баасы 60-70 сом болгон. Бул жылы 100 сомдон жогору болуп жатат. Дыйкандардын эмгеги акталып жатат.

Негизи Өзгөн - күрүч өстүрүү маданияты менен белгилүү. Кыргызстан күрүч өндүрүү боюнча алдыга чыккан Азия өлкөлөрүнө атаандаша албаса да Өзгөн күрүчү бир дагы өлкөдө өндүрүлбөгөн өзгөчө сапатка жана даамга ээ деп окумуштуулар баа берип келишет.Күрүчтө Менделеевдин таблицасындагы организмге пайдалуу делген элементтердин баары бар. Суунун молдугу, нормасына ылайык күндүн нуру, ошонун баары өсүп келе жаткан күрүчтүн түшүмдүүлүгүнө жана анын сапатына чоң таасир этет.Дүйнөлүк стандартта күрүчтүн курамында 6% белок боло турган болсо, Өзгөн күрүчүндө 10-12% белок бар. Мындай күрүч эч жерде өндүрүлбөйт. Ал ички керектөөдөн улам сырткы рынокко көп чыкпайт. Бирок бул таанымал бренд коңшу өлкөлөрдө кеңири эле пайдаланылат. Өзгөн районунун Шоро-Башат айылынын дагы бир тургуну Махабат Маматова, күрүчтүн өтүмдүүлүгү жакшы болушу үчүн ага кызгылт өңдөгү боёк кошулаарын жашырбайт. Анын айтымында, күрүчкө кошулган боёктун адамдарга зыяны болгону менен кардарлар агышыраактарын албай чанып кетишет. Ошондуктан базарга алып чыгаарда андай процедуралар колдонулат. Ал эми үй-бүлөсү керектей турган күрүчкө боёк кошулбайт.

15-ноябрга барып сезону аяктай турганына байланыштуу күрүч өстүргөн дыйкандар үчүн аба ырайы көп таасирин берет. Түшүмдү чогултуп жатканда жаан же кар жаабай турганы жакшы. Анткени аны кургатуу көп убакытты талап кылат. Өзгөн районунун Шоро-Башат айылынын тургундарынын дээрлик 100 пайызы күрүч эгип, жан багышат. Санай келгенде көп деле каражатты талап кылбаган бул ишке адамдын талыкпаган эмгеги керектелет. Суу кечип, сыз өткөнү эле болбосо, жергиликтүү калк бул жумушка көнүп калган.

Ошентип быйыл күрүчтүн түшүмдүүлүгү Өзгөн районунда былтыркыдан кем эмес болуп, баасы да бир аз жогору экени айтылууда. Мындай абал дыйкандар үчүн жагымдуу экени талашсыз. Анткени, быйыл дыйкандар өндүргөн жашылча-жемиштердин жана төө буурчактын баасы жылдагыдан төмөн болуп турат. Мындай учурда, Өзгөн күрүчү өтүмдүүлүгүн жоготпой, наркын да түшүрбөй, дыйкан эмгегин эки эсе кайтара турган болуп турат.

Автор: Диналиана Джунушева

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...