Последние публикации

Ат-Башы.Ак-Муз айлындагы мектеп жетекчилери өз каалоолору менен иштен бошоду

Ат-Башы районунда мектептер менен бала бакчаларга мониторинг жүргүзүлүп анын жыйынтыгы менен райондун Ак-Муз айлындагы Боогачы атындагы орто мектептин директору жана орун басарлары иштен кетүү боюнча арыздарын жазып беришкен. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын башкы адиси Салия Жолдошевадан алынды. Анда белгилүү болгондой мониторинг текшерүү “Мыкты мектеп” кароо сынагынын алкагында жүргүзүлүп, комиссия мүчөлөрү Боогачы атындагы мектептин чарбалык иштерге көңүл бурулбаганына, мектеп жасалгасы талапка жооп бербегенине, директор, завучтар сабактарга катышпаганы сыяктуу кемчиликтерге күбө болушкан. Ал эми мониторинг учурунда айрым мектептерге практикалык жардамдар берилип, мугалимдер менен окуучулардан билим денгээлин текшерүү максатында тестер алынган.

Мурдагы сынактарда мектептердин материалдык техникалык базасына көңүл бурсак, бул сынакта мугалим менен окуучулардын билим денгээлине басым жазап жатабыз. Бул сынак мектептер үчүн жакшы өрнөк болуп калды көп мектептерде жылыштар бар оңдолуп иштер жүрүп жатат,-дейт С.Жолдошева.

Ссылка на оригинал публикации : www.naryn.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...