Последние публикации

Тамчылатып сугаруу-айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жаңы ыкмасы

Тамчылатып сугаруу-айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жаңы ыкмасы

Жакындан бери Кыргызстанда пилоттук негизде колдонулуп баштаган тамчылатып сугаруу дыйкан-фермерлердин кызыкчылыгын туудурууда. Бирок, анын кандай ыкма экендиги, артыкчылыгы, келтире турган пайдасы, ыгым-чыгымы боюнча маалыматтары жок. Дал мына ушул тамчылатып сугаруу ыкмасы, анын келечеги туурасында Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Абдыманап Кутушев менен маек курдук.

- Абдыманап мырза, илгери Союздун убагында, бир учурда жамгырлатып сугаруу, тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулганы эсимде. Азыркы тамчылатып сугаруу ыкмасынан айрымасы барбы?

- Туура айтасыз. Союздун убагында да башталып барып, кеңири жайылбай токтоп калган экен. Азыр эми мезгил өзү талап кылып отурат. Болгону 1 млн гектар суу баскан жерибиз бар. Анын аянтын мына ушул тамчылатып сугаруу жолу менен гана кеңейтүү мүмкүн. Анткени бул сууну көп талап кылбайт, атайылап канал казып баруунун кереги жок. Ирригация тармагынын өкүлдөрүнүн берген маалыматтарына караганда мындай жол менен айдоо аянттарын дагы 500 миң гектар жерге көбөйтсөк болот экен. Ал эми оптимисттер болсо 1 млн гектарга чейин деп атышат. Элдин тамак-ашка болгон таламы да өстү. Бир кызык фактыны айтайын, өткөн кылымдын 70-жылдарында ар бир адам айына 170 кг ун колдонгон болсо, азыр бул көрсөткүч 100 кг чейин түшүптүр. Ортодогу айрыманы жашылча-жемиштер, башка азыктар толуктап жатат. Ага жараша адамдардын жашоо узактыгы да өзгөрдү. Орус элинин улуу жазуучусу Достоевский бир чыгармасында 42 жаштагы процент берген кемпир деп жазып атса, биздин эле Аалы Токомбаев өзүнүн “Күүнүн сыры” деген аңгемесинде 50-55 жаштагы карыя менен жол жүрдүм деген жери бар. Азыр болсо 78 жаштагы адамды Америка элчи кылып жиберсе, 88ге чыккан хирург операция жасап, орус элинин 100 жаштагы Зелдин деген актеру театрда ойноп жатат. Демек, жаңы технологияларды киргизүүнүн зарылдыгы күндөн-күнгө күчөп жатат.

- Тамчылатып сугаруу ыкмасын кеңири колдонуу менен ийгиликке жеткен өлкөлөр барбы? Бизге бул жаңылык кайдан келди?

- Тамчылатып сугаруу Израилде, Голландияда, жакынкы коңшубуз Кытайда кеңири жайылып жаткан ыкма. Территориясы аз, суусу тартыш Израилде тамчылатып сугаруу технологиясынын кирип иштеп жатканына көп эле жыл болуптур. Бул зарылчылыктан келип чыккан нерсе да. Айдоо аянты аз болсо, суу жок болсо, абалдан чыгыш үчүн бир нерсе ойлоп табуу керек болгон да. Кыргызстандын да айдоо аянты аз, суу жетпеген жерлерибиз көп. Айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган Голландияда да бул ыкма кеңири колдонулуп жатканы бекеринен эмес да.

-Тамчылатып сугаруу Кыргызстанда качантан бери колдонулуп жатат? Кайсыл райондордо кеңири жайылган? Анын кандай пайдасы, кандай артыкчылыгы бар экен?

- Тамчылатып сугаруу Кыргызстанда жаңыдан эле башталды. Алгачкы пилоттук долбоорлор Ысык-Ата, Кемин райондорунда ишке ашырылып жатат. Башка жактарда аз-аздап кирип жаткан фактылар бар.

Тамчылатып сугарууда, биринчиден, суу абдан аз колдонулат. Каналдан секундасына 1 миң литр суу өтсө аны менен 1 миң гектар жерди сугарчубуз. Азыр болсо, Кемин районунда бир ишкер 500 гектар жерди 5 литр суу менен сугарам дейт. Айрымасын карап көргүлөчү суу 10-100 эсе аз колдонулуп жатпайбы. Экинчиден, жерди жууп кетип, эрозияга учуратпайт, жердеги минералдык азыктар өсүмдүккө керегинче эле колдонулуп, айлана-тегерегинин бары чөлкүлдөп коромжу боло бербейт. Үчүнчү жагы, суу айдоо аянтынын баш-аягына бирдей жетет да, эгилген өсүмдүктөр, айрыкча жашылча-жемиштер текши өнүп, түшүмдүүлүгү жана сапаты жакшы болот. Мунун дагы бир артыкчылыгы - жер эффективдүү пайдаланылат, жер арыктап кетпейт.

- Жаңы технологиянын киргени жакшы деңизчи, бирок ага жараша баягы салттуу ыкмадан кетип, жаңысына өтүү кандайдыр бир чыгымдарды талап кылат да? Ошол ыгым-чыгымдарын дыйкандар актай алабы?

- Албетте, белгилүү бир деңгээлдеги ыгым-чыгымдары болот. Бирок ал анча көп эмес. Биз Ысык-Ата районундагы бир дыйкандын кетирген чыгымдарын эсептеп көрдүк. Тамчылатып сугаруу үчүн керек боло турган түтүктөрү, төшөлгөн пленкалары, насостору (айрым жерлерге насосу жок деле колдонсо болот) деп эсептеп келгенде, бир гектарга орточо 20-30миң сом чыгым кетет экен. Эгилген помидорлору текши өнүп, жетилип, болжол менен 70-80 тоннага чейин түшүм алары күтүлүүдө. Ошондо, дыйкандын азыркы базар баасы менен тапкан кирешеси 300-400 миң сомго чейин жетип атат. Мындай жол менен 20 гектар жерди бир эле киши кранды ачып сугарып коет экен. Биз сөз кылып жаткан дыйкан түшүм бышып-жетилгенге чейин 20 гектар жерди өзү жалгыз эле иштетип коюуга мүмкүнчүлүгү жетет. Анткени пленка жабылгандыктан, отоо чөп чыкпайт, айдоо аянты тез эле кургап кетпейт, жөөктөрдүн араларын минитрактор менен жумшартып коет.

- Айтсаңыз, Евразия экономикалык бирлигине кирип жатпайбызбы. Айыл чарбасында да атаандаштык өсөт. Бул жагдайда жаңы технологиянын таасири болобу?

-Атаандаштык чоң болот. Арзан өндүрүп, кымбатка сатышыбыз керек. Анүчүн жаңы технологиялардын ыкчам киргени дурус болор эле. Бул үчүн биз эмне кылышыбыз керек? Бажы биримдигине киргенден кийин Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн кирип жаткан жанагыдай суу түтүктөрү, башка колдонула турган материалдар кымбаттайт. Биринчиден, тамчылатып сугарууга керек боло турган материалдарды, тетиктерди Кыргызстанда чыгарышыбыз керек. Мындай завод курулуп иштегени турат. Аны дагы чоңойтуп, дыйкандар өздөрүнө керектүү нерселеринин баарын өзүбүздөн алгандай болушу керек. Экинчиден, мурда жайыт катары колдонулуп келген айдоого ылайык жерлерди айдоо аянтына айлантуу боюнча мыйзамдар кабыл алынышы керек. Үчүнчүдөн, колдонуудан чыгып калган мурдагы скважиналарды, тоо сууларын, көлмөлөрдү пайдаланууну колго алышыбыз керек.

- Көп эле айылдарда сугат суулары талаш. Жетпейт. Айылдарда муну кантип пайдаланса болот? Бардыгы эле насос сатып алалбайт.

- Элибиздин менталитетин бир аз өзгөртүшүбүз керек. Аш-тойго дегенде акчаны кайдан болсо да табабыз. Ал эми түбөлүгүнө керек боло турган нерсени алалы дегенге келгенде ойлонуп калабыз. Мажбурлап эч кимди көндүрө албайсың. Элге жакшы нерсени өрнөк кылып көрсөтүшүбүз керек. Жаңы технологиянын эффективдүү экенине ынандыра алсак, аны пайдалануунун жолун эл өзү эле табат. Эң башкысы, мунун жакшы жактарын элге жеткириш керек. Эгерде айылды өнүктүрүп, айыл чарбасын өнүктүрө алсак, анда шаар дагы көтөрүлөт. Биз - агрардык өлкөбүз. Айыл чарбасы өнүкмөйүнчө, Кыргызстан өнүкпөйт. Азыр күнөсканалар көбөйө баштады. Бул дагы жакшы. Кыштыр-жайдыр жаңы бышкан жашылча-жемиштер өндүрүлөт. Кымбатка сатылат. Өзүбүздө көп өндүрүлсө, экспорттоого мүмкүнчүлүк болот. Анын дагы бир жакшы жери- ага атайын айдоо жери деле талап кылынбайт экен. Көп киреше берет. Менин бир кесиптеш таанышым көп каражат коротуп күнөскана салган. Бир жарым жылда толук актап, андан кийин пайдага иштесе болот экен деп жатат. Демек, күнөскана жагын да колго алып, колдоо көрсөтүшүбүз керек.

-Айыл чарба продукцияларын өндүрүү өзүнчө кеп, ал эми аны сатып-өткөрүү өзүнчө чоң маселе. Бул жагы кандай болот?

- Ооба, бул маселе орун алып келген. Дыйкандар өз продукцияларын сатып-өткөрө албай калган учурлар болгон. Бул жагынан Айыл чарба министрлиги катуу иштеши керек. Айыл чарба продукцияларын айдап-себүү боюнча сунуштарды иштеп чыгып, аларды сатып-өткөрүүнүн жолдорун таап, Россия менен Казакстандын ири областтары менен келишимдерди түзүп, азыртан ойлонбосо болбойт. Анан эми Россия менен Казакстанда батпай жаткан өсүмдүктөрдү өстүрүп алсак, аны ким алат. Кыргызстандын климаттык шартына ылайык, эрте бышып жетиле турган продукцияларды өндүрүп, кымбатка сатуунун жолдорун табышыбыз керек.

Акылай Байболсунова

Ссылка на оригинал публикации : pk.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...