Последние публикации

Нарын. Москва аймагындагы жаӊы конуштарда кɵйгɵйлɵр көп

Нарын. Москва аймагындагы жаӊы конуштарда кɵйгɵйлɵр көп

Шаар мэри Рахат Адиевдин кезектеги шаар эле менен жолугушуусу Нарын шаарынын Москва аймагында уланды.

Алгач шаар башчысы аймактын жашоочуларына 2014-жылы шаарда аткарылган жана алдыда жазала турган иштер боюнча маалымат берип, ар бир чɵлкɵмдɵрдɵ ɵткɵрүлүп жаткан жолугушуулардын негизги максаты кɵйгɵйлɵрдү угуу, аларды чечүүнүн жолдорун издɵɵ экендигин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндɵ шаарда үч жаӊы конуш болсо, анын экɵɵ аталган аймакта жайгашып, таза суу, зым теректер, канализация, жол маселелери боюнча кɵйгɵйлɵр бар экендиги айтылды.

Мындан сырткары балдар ойноочу аянтчаларды куруп берүү боюнча кайрылуулар, курулуш иштери токтоп калган имараттардын мындан аркы максаттуу багыты туурасында суроолор жазуу түрүндɵ да берилип жатты.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын 31-мартынан 11-апрелине чейин Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин алты аймакта эл менен жолугушуусу ɵткɵрүлɵт.

Ссылка на оригинал публикации : www.naryn.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...