Последние публикации

Нарын районундагы Орто-Саз айылынын балдары 100 пайыз бала бакчага барышат

Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылында «Гүлназик-Орто-Саз» бала бакча ачылды. Анын ишине өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов, КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Накен Касиев, район акими Түгөлбай Жанбоев жана айыл эли катышты.

«Биз 12-февралдан тарта балдарды кабыл ала баштадык. Бакчабыз 50 орундуу. Дагы эки топко 30 баланы 3 сааттык программа менен окутмакчыбыз. Учурда 13 адам иштеп жатат. Бакча көмүр менен жылытылат. 4 тонна көмүр алынган. Дагы 2 тонна айыл өкмөт тарабынан чечилет. Айылда 6 жашка чейинки 103 бала бар. Демек, бакчага дээрлик 100 пайыз балдар тартылды десек болот»-дейт бакчанын жетекчиси Аида Алпекова.

Береги бала бакча пайдубалынан тарта жаңы курулуп, ага айыл өкмөттүн жергиликтүү капчыгынан 1 млн 526 миң, MSDSP KG коомдук корунан 1 млн 240 миң жана жергиликтүү коомчулуктан 498,9 миң сом каражат жумшалган.

Ссылка на оригинал публикации : de-facto.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...