Последние публикации

ӨЗ ТИЛИН ӨГӨЙЛӨГӨНДӨР…

ӨЗ ТИЛИН ӨГӨЙЛӨГӨНДӨР…

Ооба, англис тилин өз эне тилибизден да артык көрөөрүбүздү, жүрөгүбүз менен сүйөөрүбүздү Нарын шаарынын айрым мекемелеринде атап айтканда Нарын облустук М. Рыскулов атындагы мамлекеттик академиялык музыкалуу драма театрында жана анын бет маңдайындагы «Бакай» банкында илинип турган береги сүрөттөгү көрнөктөгү жазуулар тастыктап турат. Мындан үч жыл мурда көчөлөрдү аралап, орус тилинде жазылган көрнөк-жарнактарды сынга алып, ээлерине кулак кагыш кылдык эле. Эми минтип англис тилинде жазылган бул сөздөрдүн эмне деп жазылганын окуй албай кыжаалат болуп, аргасыздан элибиздин мекенчил акын уулу Эсенгул Ибраев агабыздын: “Улут болсоң тилиң менен улутсуң”- деген жалындуу ыр саптарын эстейсиң. Эстейсиң да анан өз эне тилин өгөйлөгөн “киргизбайлардын” ар-намысынын, атуулдук сезиминин жоктугуна кейийсиң.

Биз борбордук көчөдөгү маңдайлаш турган аттуу-баштуу эки мекемедеги бул сүрөттөрдү гана тартып алдык, непаада шаардын көчөлөрүн шашпай араласак анда рекламалык шиттердеги, ар түркүн кызмат көрсөтүү жайларындагы, компьютердик борборлордогу англисче жазылган көптөгөн көрнөктөрдү көрүп, аттиң, деп бармак тиштеп, баш чайкайсың.

«Канча тил билсең, ошончо дил билесиң»… Кандай таамай айтылган сөз. Ырасында эле ааламдашуу заманында, чет тилдерди билип, катыра сүйлөгөнгө не жетсин. Бирок жергебизде жашап, кыргыздын түшүн жоруган орус улутундагылар ал түгүл чет өлкөлөрдөн келген ыктыярчылар да эне тилибизди урматтап үйрөнүп, сүйлөп жатышканда өз тилибизди жеригендердин жосунсуз жоругу жолдо калсын дегиң келет.

Өз эне тилин өгөйлөгөн “киргизбайларга” жергиликтүү бийлик тарабынан жакын арада жыйынтык чыгарылгандай чаралар көрүлөбү же бул айткан-дегенибиз кагаз бетинде калабы, күтө туралы... .

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...