Сайттын эрежелери

"Дем" сайты анын Эрежелерин аткарууга макул болгон ЖМКлар же интернет-басылмалар (мындан ары - Катышуучу) жана Колдонуучулар менен гана кызматташмакчы. Эрежелер Катышуучуга (Колдонуучуга) маалымдалбай туруп эле өзгөрүшү мүмкүн. Эрежелердин жаңы версиясы алар жайгаштыргандан кийин 3 күндүн ичинде күчүнө кирет.

Катышуучунун (Колдонуучунун) сайтта катталышы алар Сайттын эрежелерин окуп чыккандыгын, таанышкандыгын жана аны менен макул экендигин айгинелейт.

Катышуучу болуу »

  1. Каттоонун маалыматтары, аккаунттун коопсуздугу

    Сайтка катталып жатып, сайттын Катышуучусу (Колдонуучусу) төмөнкү нерселерди аткарууга милдеттеме алат:

    1. Катталып жатып Сайттын каттоо формасындагы суроолорго (Катталуу маалыматтары) Катышуучу (Колдонуучу) тууралуу чын, так жана толук маалыматтарды берүүгө;
    2. Ыплас сөздөрдү Ник катары колдонбоого;
    3. Колдонуучунун атын (электрондук почтанын адресин) жана сыр сөзүн сактоого тиешелүү чараларды көрүүгө;
    4. Авторлук албаган адам (Катышуучунун же колдонуучунун уруксаты жок) логин, сыр сөз менен сайтка кирсе жана коопсуздукту бузган учурлар кездешсе ал тууралуу Администрацияны тез арада кабардар кылууга;

    Катышуучу (Колдонуучу) бул бөлүмдөгү эрежелерди бузгандыктан улам, анын маалыматтары бузулуп жана жоголуп кетсе Администрация буга жоопкер болбойт.

  2. Материалдар
    1. Катышуучу "Дем" сайтына өзүнүн, б.а. өздөрүнүн басылмасында же интернет басылмасында жарыяланган гана материалдарын жарыялоо милдетин алат;
    2. "Дем" сайтына жарнамалык же коммерциялык маанайдагы же үгүт материалдарын жана спамды жарыялоого тыюу салынат.
    3. Коркутуп-үркүткөн, башка пайдалануучулардын же үчүнчү тараптардын беделин түшүргөн, аларды маскаралаган, алдамчылык мүнөзгө ээ болгон; жеке жана коомдун алдында өз кызыкчылыгын көздөгөн; расалык, диний, аймактык, улуттук жек көрүүнү, араздашууну жайылткан; мындан башка дагы адамдын, атуулдун мыйзам менен корголгон укуктарын бузган материлдарды жарыялоого тыюу салынат.
    4. Үчүнчү тараптын жана колдонуучулардын интеллектуалдык менчик объекттери боюнча укугун бузган маалыматтар менен сүрөттөрдү жарыялоого тыюу салынат;
    5. Сайтка калтырган маалыматтар (пикирлер) үчүн анын ээси болгон Катышуучу жооптуу.
  3. Администрация
    1. Сайттын Администрациясы сайттын Колдонуучусу тарабынан айтылган билдирүүлөргө, пикирлерге жоопкер эмес;
    2. Сайттын Администрациясы Катышуучу тарабынан жарыяланган материалдын шексиздиги, туура экендиги, тактыгы үчүн жоопкерчилик албайт;
    3. Сайттын Администрациясы сайттын эрежесин бузган пикирлерди өчүрүп салууга укуктуу. Эгерде эреже бузуулар такай негизде кайталана турган болсо, администрация Катышуучу же Колдонуучунун аккаунтуна чектөө коёт;
    4. Администрация ар бир Катышуучунун (Колдонуучунун) сайттын иши боюнча каалоо-тилектерин, сунуштарын угуп, эске алууга даяр.