Бардык аймактар

Аймактар » Ысык-Көл

Аймак боюнча акыркы жарыялангандар

  • 23.10.2017 18:01 / "Азаттык": Кутурма катталган айылда эпизоотикалык абал тынч

    Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун кутурма катталган Отрадное айылында учурда эпизоотикалык абал тынч. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Көл облусундагы координатору Бакы...

  • 05.10.2017 17:10 / "Марал": Караколдо “Мен Кыргыз жараны” деген ураан менен ынтымак форуму болду

    Бүгүн, 5-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Ыймандуу жана маданияттуу коом-мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин биримдиги» аттуу форум өткөрүлдү. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлеке...

  • 09.09.2017 20:44 / "Азаттык": Караколдо суу боюнда парк ачылды

    Каракол шаарында бүгүн “Ривер парк” - суу боюндагы сейил багы ачылды. Аны "Каракол дестинациясы" коомдук уюму USAID'дин "Жергиликтүү бизнести өнүктүрүү демилгеси" долбоорунун каржылык колдоосу менен ишке ашырды. Уюмдун мүчөлөрү билдиргендей, долбо...

  • 07.09.2017 10:43 / "Азаттык": Караколдо суу боюнда парк ачылат

    Каракол шаарында 9-октябрда ривер парк, башкача айтканда суу боюндагы сейил бак ачылат. Аны "Каракол дестинациясы" коомдук уюму USAID уюмунун "Жергиликтүү бизнести өнүктүрүү демилгеси" долбоорунун каржылык колдоосу менен ишке ашырып жатат. Аталган...

  • 30.08.2017 20:07 / "Марал": Караколдо бекер кийим берүүчү социалдык дүкѳн ачылды

    Каракол шаарына биринчи жолу социалдык дүкѳн ачылды. Аны шаардын вице -мэри Акылсайра Жумабекова ѳз демилгеси менен ишке берди. Бул дүкѳндѳн каттоодо турган аз камсыз болгон үй бүлѳлѳр, жардамга муктаж адамдар кайрылып, кийим кече менен камсыз болуша...

  • 29.08.2017 20:28 / "Азаттык": Тоңдогу Кызыл-Омпол уран кени ишке берилгени жатат

    Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кени сентябрдан тарта иштетиле баштайт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна айыл аймак башчысы Майрамкүл Кыдыралиева билдирди. Анын айтымында, канадалык компания кенди изилдө...

  • 27.08.2017 11:39 / "Sputnik.KG": Базарга айланган мазар же Манжылы Ата маалымдамасы

    "Баш сурасаң Манжылы Атага бар" деген сөз тээ байыртан айтылып келет, анын төгүнү менен төркүнү тууралуу колумнист Шаакан Токтогул кеп салат.

  • 26.08.2017 11:29 / "Марал": Жети-Өгүздө Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгиленүүдө

    Ушул күндөрү Жети-Өгүз районунун Тосор айылында Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгиленип жатат. Анын алкагында 23-августтан бери 3 күн, 3 түн «Манас» айтылууда. Мааракеге арналган негизги иш-чаралар 26-августта өтөт. Анда маданий жана спорттук оюн-зоо...

  • 25.08.2017 10:25 / "Азаттык": Жети-Өгүздө Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгиленип жатат

    Жети-Өгүз районунун Тосор айылында өтүп жаткан Жанек баатырдын 200 жылдык мааракесине карата манасчылар үч күн, үч түн тынбай "Манас" айтышууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Тосор" коомунун жетекчиси Тыныбек Жукешев билдирди. Анын айтымында, баатырды эс...

  • 21.08.2017 12:31 / "Азаттык": 1877-1937-2017: Ырдык кыштагына 140 жыл: Дунган боордоштордун икаясы

    19-августта Кыргызстандын Жети–Өгүз районундагы Ырдык кыштагынын дунган жана башка этностордон куралган тургундары айылдын негизделгендигинин 140 жылдык мааракесин белгилешти. Ала-Тоонун чыгыш бучкагындагы дунгандардын тагдыры тууралуу чакан баян. К...

  • 18.08.2017 16:21 / "Марал": Жолдо сатылган ышталган балыктар инфекция булагы болушу мүмкүн

    Жергиликтүү бийлик жол боюнда ышталган балыктардын сатылышына көзөмөлдү күчөтүшү керек. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Малик Мамбетов билдирди. Дарыгердин айтымында, жол боюнч...

  • 17.08.2017 17:22 / "Кабар": Мөндүрдөн 488,7 гектар айдоо аянтына зыян келтирилген

    2017-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ысык-Көл облусунун Түп районунда күтүүсүздөн жааган мөндүрдөн зыян тарткан жергиликтүү дыйкандар менен өз жерине барып жолукту. Тү...

  • 09.08.2017 19:57 / "Кабар": Ысык-Көлдө тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

    Туристтик мезгилде тез жардам кызматы менен биргеликте, Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ысык...

  • 09.08.2017 14:54 / "Азаттык": Ысык-Көлдүн куму жана суусу текшерилди

    Ысык-Көл жээгинде эс алуучуларды тейлөөгө уруксат албай иштеген жеке жайлар санитардык коопсуздук эрежелерине толук жооп бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Ыс...

  • 07.08.2017 20:07 / "Кабар": Чолпон-Атада көчмөндөрдүн эрежесиз эр мушташы өтөт

    Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Атадагы ипподромдо 19-августта саат 17:00дө масштабдуу эл аралык “Nomad Fights” эрежесиз эр мушташ боюнча турнир болуп өтөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине спорттук таймаштын уюштуруучуларынын бири Мирлан...

  • 07.08.2017 13:46 / "Кабар": Кыргызстандык Ысык-Көлдү легендарлуу Тору-Айгырдын жолу аркылуу сүзүп өттү

    Кыргызстандык Эркин Асрандиев Ысык-Көлдү легендарлуу Тору-Айгырдын жолу менен сүзүп өттү. 5-августта Асрандиев түштүк жээктеги Кара-Талаа айылынан түндүк жээктеги Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өткөн. “Аралык 15,1 км болду. Сүзүүгө 5 саат 24 мү...

  • 01.08.2017 19:40 / "Кабар": Ысык-Көлдө күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт

    5-6-августта Кара-Ойдо эл аралык жээктеги күрөш боюнча жаштар жана чоңдор арасында турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. Анда Кыргызстан жана жакынкы чет өлкөлүк спортчулар катышып, күрөш, ...

  • 28.07.2017 11:52 / "Марал": Ысык-Көлдө автордук ырлардын эл аралык фестивалы өтөт

    Ысык-Көлдүн тескейинде 4-6-август күндөрү “Ысык-Көл таңы” деген аталыштагы автордук ырлардын эл аралык фестивалы өтөт. Фестивалга Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан меймандар катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Фестивалга “А...

  • 26.07.2017 20:19 / "Кабар": Ысык-Көлдө «Өрүк-fest 2017» фестивалы өттү

    Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында «Өрүк-fest 2017» аталышындагы өрүк фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожошев билдирди. Айылдын башчысы Руслан Эшмамбетовдун...

  • 26.07.2017 10:17 / "Азаттык": Ысык-Көлдө жээкке унаасы менен кирген адам жоопко тартылды

    Ысык-Көлдүн Бостери айылында көл жээгине чейин "Жип" автоунаасы менен кирип кеткен айдоочу жоопко тартылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттык" радиосуна кабарлады. Маалыматка ылайык, айдоочу казак ...