Элдик жаңылыктар

Окуучулардын облустук олимпиадасынын жыйынтыгы чыкты

  • Автор: suluktuxml
  • Аймак: Баткен
  • Жарыяланган: 03.03.2015 @ 11:53
Окуучулардын облустук олимпиадасынын жыйынтыгы чыкты

Жылдагыдай эле жогорку класстардагы окуучулардын ортосунда өткөрүлүүчү облустук олимпиаданын жыйынтыгы чыкты. Бул жөнүндө Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов маалымат берди. «Облустук олимпиадада №1- мектептен бир окуучу орус тили сабагынан 1-орунду, №9- гимназиядан 1 окуучу кыргыз тили сабагынан 3-орунду, №3- мектебинен бир окуучу 3- орунду алып жалпы шаар боюнча 1 окуучу биринчи орун, 2 окуучу үчүнчү орун болду»- дейт А. Исманов.

Ушул эле олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кошуна Лейлек районунун №3- гимназиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токтоназарова «Бир эле биздин гимназиябыз өзү, облустук олимпиадада бир биринчи орун, үч экинчи орун алды»- деп маалымат берди.

(сүрөттө А. Исманов маалымат берип жатат)

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..