Элдик жаңылыктар

“Мен ата мекениме кызмат кыламын”

  • Автор: Б.Мамытбекова
  • Аймак: Нарын
  • Жарыяланган: 21.02.2015 @ 11:50
“Мен ата мекениме кызмат кыламын”

“Мен ата мекениме кызмат кыламын” деген аталыштагы мелдеш Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жогорку деңгээлде болуп өттү. Иш чара Афган жана Куралдуу Күчтөрдүн Күнүнө карата уюштурулуп, атайын калыстар курамы иштеди.

Аскердик-Спорттук мелдешке 11а, 11б-класстарынын “Собр” жана 11в-классынын “Альфа” командалары катышты. Мелдеште “биринчи медициналык жардам, автоматты чачуу, жыйноо, противогазды кийүү, чечүү,кол күрөш,кесме кесүү, аркан тартыш” өндүү тапшырмаларды аткарышты.

Автоматты чачуу,жыйноо, кол күрөш тапшырмаларында кыздар артыкчылык көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 86.7 балл менен “Собр” командасы алдыңкы орунга ээ болду. Тапшырмаларды аткарууда артыкчылык көрсөткөн жаш Мекенди коргоочуларга уюштуруучулар жана Райондук Аскер комиссариаты тарабынан Ардак Грамоталар тапшырылды.

Бул мелдеш “Азем” бий тобунун бийлери менен коштолду.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..