Элдик жаңылыктар

Адабиятчы, этнограф, филокартист А. Мурзакметовдун открыткалар көргөзмөсү уюштурулду

  • Автор: Зинагул Нуралиева
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 19.02.2015 @ 09:56
Адабиятчы, этнограф, филокартист А. Мурзакметовдун открыткалар көргөзмөсү уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф, филокартист Абдымиталип Мурзакметов 50 жылдык юбилейин белгилөө алдында турат.

Өзүнүн өмүрүн билим берүүгө арнап, үлгү катары көпчүлүк жаштардын кумирине айланган, өзүнүн жыйган коллекциялары, китептери менен көпчүлүктү таң калтырып келген А.Мырзакметов юбилей алдында ОшМУда коллекцияларынын көргөзмөсүн уюштурду. Көргөзмө эки күнгө созулуп, 17-18-февраль күндөрү “Тарых”, “Табият” деген темалардын алкагында өттү.

“Кесиптештерим мени да коллекционер катары билишет. Негизи коллекциялоо жана жыйноо-эки башка нерсе. Эгер акчалуу адам болуп, ал кандайдыр бир нерселерди кызыгып эле сатып ала берсе-бул жөн гана жыйноо. Ал эми коллекционер жыйноочудан ал нерсени изилдеп үйрөнгөнү жана системалаштырганы менен айырмаланат. Мен өзүмдү филокартист-открыткаларды жыйноочу адам катары эсептейм. Учурда 10 000ге жакын открыткаларым бар, ошондой эле китептерди, орден, медал, төш белгилерди, сувенирлерди да чогултуп келүүдөмүн”, -деген көргөзмөнүн автору ар бир келген окутуучу, студенттерге көргөзмө тууралуу айтып, суроолоруна жооп берип жатты.

Жалпы жамааттын кызыгуусун жараткан көргөзмөдө университеттин бардык факультеттеринен көрүүчүлөр арбын болду.

Тарых жана табиятка багытталган көргөзмөдө өзгөчө тарых адистигинде, биология, химия, география адистиктеринде билим алып жаткан студенттер үчүн көбүрөөк маалыматтар камтылган деген А.Мурзакметов элүү жаштык куракка жетип, анын отуз жылдайын мугалим катары гана эмес коллекционер катары да жашаганымды сезип жатам дейт.

Студенттердин таанып-билүү, маалымат алуу, чыгармачылык шык дараметтерин ойготууга багытталган эки күнгө созулган сүрөт көргөзмөдө А.Мурзакметовдун өздүк коллекциясынан алып келинген открыткалар көрүүчүлөргө тартууланды.

Белгилей кетсек, Абдымиталип Мурзакметов “Кыргыз ырым-жырымдары”, “Учкул сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгү”, “Кыргызстандагы өзбектердин каада-салттары, ырым-жырымдары, ишенимдери”, “Кыргыз көөнө ишенимдери жана тыюулары”, “Көңүлдөгү ойлор” публицистикалык макалалар жыйнагы, “Тилим-дилим” тил боюнча макалалар жыйнагы, “Коллекционердин күндөлүгүнөн” пикирлер жыйнагы атуу эмгектердин автору.

Өзүнүн чыгармачылыгы боюнча ой бөлүшүп жатып жазылып, даяр турган “Боз үй - көчмөндөр мурасы”, “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы этнографиялык мотивдер” аттуу китептерди быйылкы жылы басмадан чыгарууну пландаштырып жаткандыгын белгиледи.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..