Элдик жаңылыктар

Токтоянда чакан «муз аянтчасы» ачылды

  • Автор: Адина Осмонова, Нурпери Нуркасым кызы, Наргиза Айбек кызы
  • Аймак: Ысык-Көл
  • Жарыяланган: 27.01.2015 @ 12:25
Токтоянда чакан «муз аянтчасы» ачылды

Кыш келээри менен айыл тургундары муз тебүү үчүн коңшу айылдарга барышчу,бирок жакындан баштап өз айылыбызда чакан муз аянтча ачылды.

Айыл тургуну Садыр Шатенов өзү жасаган муз аянтчасы жөнүндө төмөндөгүлөрдү жубайы Анара Майлыканова айтып берди

«Муз аянтчаны(катокту) ачканыбыздын себеби, айылдагы балдар көп эмгектенишет аларды эс алышсын деп.Бул ойду былтыр ойлонгонбуз бирок шарт болбой, коньки табылбай аткан»- дейт ал

«Муну жасап жатканда көп кыйынчылыктар болду баятан муз тоңбой, айылыбыздын суусу да туздуу болуп, оңою менен тоңбойт экен»-деп баса белгиледи Майлыканова.

«2-3 күндөн бери суук болгонуна байланыштуу тоңду.Тоңгондо түздөп,дамбалап убарасы көп болду»-деди Анара айым.

«Мага бул жак абдан жакты 50 сом берип каалашыңча тебет экенсиң досторум менен келип жатам ушундай катокту куруп беришкенине рахмат»-деп кубанычы менен тең бөлүшкөн 6-класстын окуучусу Айдай Абдынапыкова.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..