Элдик жаңылыктар

Окуучулар аралык райондук предметтик олимпиада жыйынтыкталды

  • Автор: Б.Мамытбекова
  • Аймак: Нарын
  • Жарыяланган: 26.01.2015 @ 13:21
Окуучулар аралык райондук предметтик олимпиада жыйынтыкталды

Ак-Талаа районунда мектептер аралык олимпиада Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 24-25-январда өткөрүлүп, жыйынтыкталды. Предметтик олимпиадага 18 мектептен 365 окуучу катышып, 10 предмет боюнча өз билимдерин сынашты.Олимпиаданы өз деңгээлинде талапка ылайык өткөрүү үчүн райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштуруу комитети түзүлгөн. Олимпиадага катышкан окуучулар атайын комиссия түзгөн тапшырмаларды аткарышты.

Эки күнгө созулган олимпиаданын жыйынтыгы менен байгелүү орундарга ээ болгон 120 окуучуга Грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылса, булардын ичинен 32 окуучу областтык турга катышууга жолдомо алышты. Ал эми жалпы мектептер боюнча командалык эсепте район боюнча 1-орунга Ш.Бейшеналиев 37 упай, 2-орунга Э.Карасартов 31 упай, 3-орунга Ж.Сатылганов атындагы орто мектептери ээ болушту.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..