Элдик жаңылыктар

«Кагаз таппай калсам жерге жазып, топуракты чиймелейм»

  • Автор: KENESHNURU
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 12.01.2015 @ 18:04
«Кагаз таппай калсам жерге жазып, топуракты чиймелейм»

Куу-Mайдан айылынын тургуну Кыргызстан жазуучулар союзунун мучөсү акын Акматали Абдикеримов учурда дагы деле ыр жазуу менен алектенип келет.Анын эң биринчи жарык көргөн китеби “Сагынткан ырларым” андан кийин “Сергей Есенин менен маек”, Кыш жомогу”, ”Закым” деген китептери окурмандардын сүймөнчүлүгүнө татыктуу болуда.

Ноокат таңы гезитинде 25-жыл корректор жана зам редактор болуп иштеген.

“Менин чыгармачылык чөйрөгө кирип калуумдун себеби адабиятты сүйгөндүгүм, адабий китептерге жакындыгым түрткү болду. Мен чыгармачыл чөйрөгө мектеп жашынан эле кирип ошол кезден эле ыр жазып баштагамын. Буга чейин төрт китебим жарык көрдү, бешинчи китебим эми басмаканадан чыгып атат. Менин чыгармачылыгым жөнүндө азырынча улуу акындарга, чоң сынчыларга кабыла элекмин бирок жергилүктүү айылдаштар же болбосо менин китептерим жеткен окурмандар жылуу эле пикирлерди айтып жатышыт”,- дейт акын Акматали Абдикеримов.

Учурда алты баланын он неберенин сыймыктуу атасы жана жубайынын күйүмдүү жолдошу.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..