Элдик жаңылыктар

Биз силер менен биргебиз аттуу иш-чара

  • Автор: Баяман Барыктабасов, Рахат Маратбеков, Медер Асыкулов
  • Аймак: Нарын
  • Жарыяланган: 19.12.2014 @ 12:24
Биз силер менен биргебиз аттуу иш-чара

Куланак айылынын орто мектебинин имаратында “Биз силер менен биргебиз!” аталыштагы 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө арналган иш- чара болуп өттү.

Отуп жаткан иш чаранын уюштуруучусу Жазгул Кадыралиевага суроо узатканыбызда мындайча жооп кайтарды. “ Бүгүнкү күндө болуп жаткан иш чаранын максаты 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө арналып жатат. Биздин мектебизде 12 мүмкүнчүлүгү чектелген окуучу бар. Балдарды сенин мүмкүнчүлүгүң чектелген дебестен, балдардын баарына бирдей мамиле кылуу керек . Келечекте жакшы бир инсан болуп, жакшы калыптанышынын максатында, бул иш-чараларды жылда биз ар түрдүү формада уюштуруп келебиз”, деди Жазгүл Кадыралиева.

Назарбек Мусалиев, Куланак орто мектебинде грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу . Өтүп жаткан иш чара жөнүндө мындай деди. “Бул мелдешти 3-декабръ күнү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын урматына арналган. Таймашка катышуучулардын эн кичүүсү 6 жашта болсо, эн улуусу 15 жашта. Бул таймашка 30 дан ашуун спортчулар катышты”.

Грек- рим күрөш секциясы Куланакта ачылганына 3 жыл болду. “Ошонун алкагына балдарды жакшы жака тарбиялоо. Баңги зат, тамеки, насвай дегенден алыстатуу максатында уюштурдук. Биздин кошуна Жан – Булак айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. Бир бармагы жок, чыпалагы жоктор да бар. Бирок ал балдар абдан жакшы күрөшөт. Биз мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эч качан басынтпашыбыз керек. Сен спортко катыша албайсың, сен эч нерсеге жарабайсын, деп айтпоо керек. Адамдардын баары бирдей”,- дейт машыктыруучу Назарбек агай.

Эн жаш таймаштын катышуучусу Назарбек уулу Чынгыз 6 жашта. “Мен бала бакчага барам. Бала бакчадан келгенден кийин дайыма спорт менен машыгам. Чонойгондо мен күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгум келет”,- дейт Чынгыз

Болуп өткөн таймашта эң кенже Чынгыз Назарбек уулу үчүнчү байгелуу орунду камсыз кылып, Диплом менен сыйланды. Бул гана эмес таймаштын катышуучулары да байгелүү орундарды алып үйлөрүнө кубануу менен кайтышты.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..