Элдик жаңылыктар

«Кыялдар көп нерсеге жеткирсе да, Кыялдар а көбүнө жеткирбеди…» Түркиянын Эрзурум шаарында чыгармачылык окууга барып келген ак

  • Автор: Зинагул Нуралиева
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 18.12.2014 @ 15:18
«Кыялдар көп нерсеге жеткирсе да, Кыялдар а көбүнө жеткирбеди…» Түркиянын  Эрзурум шаарында чыгармачылык окууга барып келген  ак

Биздин арабызда чыгармачылык дарамети бийик, акылы тунук, Ата Мекенге, ата-энеге болгон сүйүүсүнүн чексиздигин, жаштар, келечек маселелеринде, дүйнөдө, коомчулукта болуп жаткан көйгөйлөрдү көрүп, туюп гана тим болбостон акыл калчап, ой жүгүртүп, аны ырга, кара сөзгө айлантып, коомчулукка жеткире билген бир акын иштейт. Ал биз билген акын, “Азаттык үналгысынын” маалымат порталынын блоггери, ОшМУнун “Нур” гезитин редактору Улукбек Омокеев.

“Капырай, эр жетсем да эс кирбеди,

Балалык сезимиме кеч кирбеди,

Кыялдар көп нерсеге жеткирсе да,

Кыялдар а көбүнө жеткирбеди» -деп ырында айткандай кыялдарынын дагы бири орундалгандыгын, башкача айтканда 1-ноябрдан 1-декабрга чейинки аралыкта Түркия мамлекетинин Эрзурум шаарында бир айлык чыгармачылык курска барып, чыгармачылык эргүү, энергия алып, Ата-Журтка болгон сүйүүсү, кумарлануусу артып, көп максаттарды алдына коюп келгендигин айтып, биз менен төмөнкүдөй ой бөлүштү. Эмесе назарыңыздарды маегибизге бурабыз.

- Жакынкы аралыкта Түркиянын Эрзурум шаарына 1 айлык сапарга барып келдин, бул курска кантип жолдомо алып калдын, алгач ушул тууралуу айтып берсең?

- Түрк тилдүү элдердин маданий бирикмеси болгон ТҮРКСОЙ уюму чыгармачыл жаштарды жыл сайын түрк тилин окутуу менен бирге чыгармачылык байланыш түзүү максатында бир айлык окууга чакырып турат экен. Бул тууралуу менин буга чейин кабарым жок эле. Белгилүү жаш акын агалардын бири Алтынбек Исмаилов сунуштаган экен, Түрксой уюмунун Кыргызтан боюнча координатору болуп жаңыдан дайындалган акын Кожогелди Кулуев телефон чалды. Жарыктык киши, телефондон: “Сени макташты го, күчтүү акынсыңбы?” десе болобу. Мен: “Жок агай, ыр жазып жүрөм” дедим. “Анда ырларыңды тез менин почтама жибер”,-деп телефонду өчүрдү. Ошентип ырларымды окуп көрүп Анкарага сунуштаган окшойт, чакыруу келди. Жыл сайын борбордон кетишчү экен. Быйыл Ош шаарынан жиберүүнү макул көрүшүптүр. ОшМУнун жетекчилигине кайрылсам дароо уруксат беришти. Учурдан пайдаланып, чыгармачылыгымды баалап, сунуштаган агаларга, колдоп-кубаттап турган окуу жайдын жамаатына терең ыраазылыгымды билдирем.

-Демек муну акындык өнөрдү аркалап, окурмандарга тартуулаган чыгармаларыңа жогору баа берилгендик катары кароого болот турбайбы? Ушул Түрксой уюму уюштурган бир айлык курсутун максаты, мааниси кандай экен? Сапарлаштарын тууралуу да айта кетсен?

-Негизги мааниси эле, түрк элдеринин жаштарынын арасында байланышты күчөтүү, чыгармачылыкка көмөк берүү, маданият аралык катнашты чыңдоо болуп саналат. Түрк тилин окутуу деп аталганы менен башка да программалары бар экен. Шаарга саякат, тарыхий жайларга зыярат кылуу сыяктуу. Сапарлаштарым, Россия, Казакстан, Кыргызстандан барган улан кыздар болду. Алар менен бир ай чогуу окуп, чогуу жашап жакын достордон болуп калдык. Кээ бир балдар-кыздар Түрк элдеринин курулушчулар бирлигинен барышыптыр. Алгач “Мерхаба”, “Насылсын?” деген эки сөздү гана билчүмүн, бир ай аралыгында дээрлик маектешкенге жарап калдым. Түрк тилинин грамматикасы кыргыз тилине бир топ жакын экен.

- "Туулган жердин топурагы алтын"-деген кыргыздын жакшы макалында айтылгандай бөтөн элде жүрүп жүрөгүң менен эмнелерди туйдуң?

-Эрзурум түрктөрдүн айтуусу боюнча 50-катарда турат. Биздин Ош шаарынын калкынча эли бар. Ошентсе да өнүккөн, байыркы доор менен бүгүнкүсү айкалышкан, тарыхий жайларын көздүн карегиндей сактаган, эли меймандос шаар экен. Көп таасир алдым. Кыргызстанга салыштырдым. Биз да жок эле дегенде ушул шаардагыдай болуп өнүксөк, ушуларга окшоп мекенчил болсок деп кыялдандым. Ал кыялдарымдан ырлар да жаралды. Азаттык радиосунун сайтына макала жаздым. Ал жакта окуп-иштеген кыргыз жигиттер мени конокко чакырышты. Сонун идеалары бар, мекенчил балдар экен. Таң аткыча маектештик. Анан ушул балдар менен болгон маегимди макала кылып жазууну пландадым. Айтор, чет жерден мекениңди карасаң көп жерлери даана көрүнөт экен.

- Акын катары сени баары жакшы таанышат, ошол сапарда жүрүп да окурмандарына социалдык түйүндөр аркылуу чыгармачылыгын менен бөлүшүп турдуң. Айтайым дегеним өз мекенинде жазган ырларын менен сапарда жүрүп жазган ырларында айырмачылыктар болдубу?

-Ыр жазган адам ар кай учурда эргүүсү келет эмеспи. Ал жакта да бир топ ырларды жараттым. Анын баарын фейсбук аркылуу элге жарыялап турдум. Көз караштар, таасирлер болду. Бирок ырга караганда ой-толгоолор көп жазылды. Дагы жазууну пландап турам. Ал жактан топтоп келген идеалар көөдөнүмдө тизилип турат. Буюрса бирден чубап чыгып, окурмандарга тартуу кылам.

- Буга чейин Кытай эл республикасында сапарга баргандыгын тууралуу жазгансын, бул эки өлкө сени эмнеси менен суктандырды, кандай ойго салды?

-Бул эки өлкө тууралуу “Кыргызстан туристтер үчүн бейиштей жер болсо” деген макала жаздым. Эки өлкөдөн алган таасирлерди бириктирдим. Меймандостук, чет элдик конокторго түзүлгөн шарт, мамиле, тартип сакчылардын конокторго жасаган мамилеси тууралуу көп ойлор жаралды. Айтор ала турган жактарыбыз көп экен. Айрыкча жаштарынын патриоттуулугу, мекенге кызмат кылууга дилгирлиги мени өзгөчө таасирлентти.

-Маегибиздин соңунда алдыдагы максаттарын, жаштарга айтаар сөзүнө кезек берсек?

-Кыял деген чексиз нересе экен. Кыялдар ишке ашарына эми жүз пайыз ишенип калдым. Кичинемде эмне кыялдансам, четинен ишке ашып келатат. Спортчу болгум келчү, спортчу да болдум, мугалим болууну кыялданчумун, азыр окуучуларга сабак берип жатам, журналист болууну самачумун, азыноолак макалаларым гезит-сайттарга чыгып жатат, акын болгум келчү, чыгармачылыктын жолунда аз да болсо аралашып келе жатам. Өлкө кыдыргым келчү, жакшы адамдардын шарапаты, эмгектенген жеримдеги мүмкүнчүлүктөр аркылуу Кытайга, Туркияга барып келдим. Дагы да алдыда кудай буюрса көп өлкөлөргө барсам деп кыялданам. Анан көп чыгармаларды жаратууну, 2015-жылга карата ырлар, эсселер жыйнагымды чыгарууну максат кылып турам.

Жаштардын көбү биринчи акча тапсам, бай болуп анан элиме салым кошом дешет экен. Бай болгон жакшы дечи. Бирок биз бай болуп акча тапкыча өмүрүбүз өтүп кетип жатпайбы. Кырктын кырына өтүп, элүүнүн этегине жармашкандан кийин элге кайсы эмгек. Ошон үчүн досторумду, ини-карындаштарымды жакшы кыялдарды кыялданып, алыбыздын жетишинче иш менен, жакшы сөз менен элге пайда келтирүүгө далалат жасай берүүгө чакырат элем.

- Маегиңе ыраазычылык билдирем. Өлкөбүздүн мекенчил уулу болуп, чыгаан акындардын катарын толуктап, мыкты журналист болуп жүрө бер. Кыялдарың орундала берсин.

Суроо салган: Зинагүл Нуралиева,

ОшМУнун басма сөз кызматы

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..