Элдик жаңылыктар

Шамалдан алынуучу электр-жарыгы

  • Автор: Кубатбекова Айгерим. Турдуматов Чынтурсун
  • Аймак: Ысык-Көл
  • Жарыяланган: 12.12.2014 @ 11:22
Шамалдан алынуучу электр-жарыгы

Быйыл Кыргызыстанда электр-энергиясы тартыш болоорун угуп, Тасма айылынын тургуну Бейшенбай Саадабаев өзүнүн үй-бүлөсүн электр-энергиясынан өксүү кылбаш үчүн, өзүнүн мүмкүмчүлүгүнө жараша шамалдан электр жарыгын тейлөөчү прибор ойлоп тапкан.

Ал өзү жасаган прибор тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Мен муну жасаганымдын себеби быйыл өлкөбүздө электр энергиясы тартыш болоорун угуп, үйүбүз жарык болуп турсун деп ойлондум. Бул прибор12 вольт жарык берет. Бул шамал болгондо айылда свет өчүп калса шамалдан ток берип үйгө жарык берип турат. Муну мен труба калактар менен жасагам аккумулятор орнотком. Күндүз шамал болгондо заряд алат, анан керек болгондо бизди свет менен камсыз кылат.

Бейшенбай Саадабаевтин көп жылдан бери кошунасы Гүлсүн Абакирова кошунасынын колунан көп нерсе келээрин, кичине кезинде эле ушундай нерселерге кызыгып жасай берерин белгилеп өттү.

«Бул баланын колунан бар-жоктун бары келет. Свет жагын жакшы жасайт. Сок тарткан станок жасап алды, жем тартканга дробилка жасап алды жана ошондой эле майда-чүйдө ток менен иштеткенди, баары колунан келет. Эми күчү аз болгондуктан өзүнүн эле үйүн жарык кыла турган шамалдан свет алуучу жасап алды. Көп нерсе колунан келет мээси кыйын иштеген бала».

«Өнөрүн болсо өргө чап» дегендей мамлекетке көз каранды болбой. Өз колдорунан көөрү төгүлгөн адамдар кыргыз элинде көп болушун каалайбыз.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..