Элдик жаңылыктар

Илимде ийгилик жараткандар сыйланды

  • Автор: Зинагул Нуралиева
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 09.12.2014 @ 09:51

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине жана Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата иш-чара уюштурулуп, анда ОшМУда бир жыл ичинде аткарылган илимий иштердин жыйынтыгы чыгарылып, мыктылар сыйланды.

Жыйынга Ош облусунун Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Б.Нурунбетов, Ош облустук мамлекеттик администрациясынан, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору А.Абдувалиев, факультеттин декандары, окутуучулар, студенттер катышышты. Жыйындын жүрүшүндө ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Таасилкан Жумабаева “Бир жыл аралыгындагы университетте жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштери” боюнча баяндама жасады. Анда илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын даярдалышы, университетте ишке ашып жаткан илимий долбоорлор, өткөрүлгөн конференциялар, семинарлар, окутуучулардын эл аралык илимий иш-чараларга катышуусу, квалификациясын жогорулатуусу, Илим жана аспирантура бөлүмүндө аткарылган иштер, студенттик илимий изилдөөлөр, олимпиадалар боюнча айтылды.

Жыл жыйынтыгы чыгарылып, илим жаатында профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин 2013-2014-окуу жылында жасаган, жетишкен ийгиликтерин эске алуу менен мыктыларга КРнын өкмөтүнүн алдындагы Ош областынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн «Ардак грамотасы», ОшМУнун Ардак тапшырылда. Ошондой эле «Мыкты монография – 2014», “Мыкты окуу китеби – 2014”, “Мыкты окуу-методикалык колдонмо – 2014” номинациясы боюнча, ошондой алыскы чет өлкөлөрдө, КМШ өлкөлөрүндө чыккан макалалар, мыкты деп тандалып алынган Автордук Күбөлүктөр боюнча конкурстардын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

2013-2014-окуу жылында 2 доктордук жана 22 кандидаттык диссертациясын коргогон окутуучулар атайын дипломдор менен сыйланды. Белгилей кетсек, илимий иштерин ийгиликтүү коргогондугу үчүн докторлук диссертация коргондорго 50 миң сом, кандидаттык дицертация коргогондорго 25 миң сомдон университеттин казынасынан акчалай сыйлыктар берилип келет.

Ал эми 2014-жылы уюштурулган III аймактык студенттик олимпиадада 22 предметтен катышкан ОшМУнун командасынан 19 студент 1- орунду, 17 студент 2- орунду, 18 студент 3-орунду, 10 студент 4-орунду ээлегендиги айтылып, байгелүү орунду ээлеген студенттерге акчалай сыйлыктар, дипломдор тапшырылды.

Ошондой эле университеттин 75 жылдык мааракесине карата жыл бою үзгүлтүксүз уюштурулган конференцияларда мыкты баяндама жасаган окутуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..