Элдик жаңылыктар

“Бек-бекей, шырылдаң” фестивалы өттү

  • Автор: Айзада Койчубекова, Бегай Таалайбекова
  • Аймак: Нарын
  • Жарыяланган: 05.12.2014 @ 09:12
“Бек-бекей, шырылдаң” фестивалы өттү

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн айылдарында “Унутта калып бара жаткан каада-салттардын жана салттуу ырлардын” фестивалы өткөрүлдү.

Сынака Жерге-Тал, Кара-Чий, Жалгыз-Терек айылынын таланттуу жаштары катышышты. Кыргыз элинин унутта калып бара жаткан каада салттарынан театрлдашкан сценкалар жана ошондой эле салттуу ырлардан болгон “Бек-бекей,Шырылдан жана Оп-майда” сыяктуу ырлар боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүп. Келген элди тан калтырышты.

Бул жөнүндө Жерге-Тал айылынын тургуну Ширин Эшмамбетова оюн билдирди. “ Фестиваль азыркы учурда биздин балдар учун таасирлуу болду деп ойлойм. Анткени бул фестивалда мен буга чейин билбеген салттар бар экен. Ал эми ушул фестивалды уюштурган топтун жетекчисине Гулзат Асанакун кызы рахмат айтар элем”! Фестивалга келген көрүүчүлөр кыргыз элинин баа жеткиз мурастары болгон салттарыбызды унутпастан муундан-муунга, укумдан-тукумга калтыруу керектигин жана ошондой эле фестивалдын катышуучулары элге жеткиликтүү өткөрүп бере алгандарына ыраазычылык билгизишти. Фестивалга демөөрчү болгон “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү альянсы” коомдук фондунун Нарын областы боюнча координатору Адилет Эшенов жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырды.

Ошо менен бирге мындан ары дагы чогуу иштерин айтып, фестивалды уюштурган топуна ыраазычылыгын билдирип өттү. Фестивалдагы жеңүүчү “Гүл-бурак” ырчылар топунун мүчөсу Элиза Талантбекова да өз кубанычын бөлүшүп кетти. “Албетте, биринчиден толкундоо пайда болду. Ошондой эле жеңүүчү болобуз деп ойлогон эмеспиз. Ошого аябай кубанып жатабыз”!

Фестивалдагы 1-орунду камсыз кылган окуучулар кымбат баадагы сааттар жана Грамота менен сыйланышты.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..