Элдик жаңылыктар

ОшМУнун Конфуций институту жаңы жылдык гала-концертин тартуулады

  • Автор: Зинагул Нуралиева
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 03.12.2014 @ 11:43
ОшМУнун Конфуций институту  жаңы жылдык гала-концертин тартуулады

Ош улуттук драма театрында 2-декабрь күнү ОшМУнун алдындагы Конфуций институту ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган жаңы жылдык гала-концертин тартуулады.

Кечеге Кытай эл республикасынын Ош шаарындагы генералдык концулу У Ин Цин мырза,Ош шаардык мэриясынан, Ош облустук администрациясынан, Ош шаардык билим берүү берүү башкармалыгынан өкүлдөр, жогорку окуу жайларынын жетекчилери, Конфуций институтунда билим алып жаткан студенттердин ата-энелери, Ош шаарындагы бардык окуу жайларынан окутуучулар, студенттер, мекеме-ишканалардан өкүлдөр катышышты.

Кечени ачып берүү үчүн сөзгө чыккан ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков салтанаттын катышуучуларын кирип келе жаткан жаны жыл менен куттуктап, Ош мамлекеттик университетинде 2013-жылда ачылган Конфуций институту бүгүнкү күндө үч адистик боюнча билим берүү менен, аз убакытка карабай бир топ иш-чараларды жогорку денгээлде өткүрүп, билим берүүдө, тарбиялоодо өздөрүнүн бийик дараметин көрсөтүп келе жаткандыктарын белгилеп өттү. Ошондой эле Конфуций институтунда жигердүү иш алып баргандыгы жана эки өлкө ортосундагы билим берүү багытындагы мамилелерди чыңдоодо зор салым кошкондугу үчүн институттун кытай тараптан директору, профессор Гоу Вейдунду жана директордун орун басары Ван Пенди ОшМУнун Ардак грамотасы менен сыйлады.

Салтанаттуу кече кытай-кыргыз элдеринин улуттук баалуулуктарын бий-ыр, музыкалык аспаптарынын коштоосундагы концерттик программалары менен коштолуп, конокторго көргөзмө тартууланды.

Институттун ачылышы менен биргеликте Кыргызстанга келип келип кытай тили, маданияты, тарыхы боюнча билим берип келе жаткан кытай окутуучулары конокторду тан калтырып, кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтышты. Программанын жүрүшүндө кытай элинин өзгөчө үрп-адаты болуп саналган “Ажыдаар жана арстандар” бийи, кыргыздын улуттук “Кара жорго” бийи менен биргеликте көркөм сөз мурастары, кыргыз-кытай ырлары таланттуу студенттердин, окутуучулардын аткаруусунда кечени шаңга бөлөдү.

Конфуций институтунун кытай тарабынан директору Гоу Вейдун кыргыз тилинде куттуктоо сөзү менен чыгып, баардык конокторду жаны жыл менен куттуктады. Ошондой эле студент болуу бактысына ээ болгон биринчи курстун студенттерине зачеттук китепчелер тапшырылды.

Айта кетсек, Ош мамлекеттик университети менен “Конфуций институттарынын” Кытайдагы башкы башкармалыгынын ортосунда Синьцзян педагогикалык университети менен түзүлгөн келишимдин негизинде ачылган Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда бүгүнкү күндө 167 студент 3 адистик боюнча билим алышууда. Синьцзян педагогикалык университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосундагы келишимдердин алкагында алмашуу программасы ишке ашып, эки университеттин студенттери бири-бири менен 6 айлык, 1 жылдык тажрыйба алмашуу, стажировкалардан өтүү процесстерин жүргүзүп келүүдө.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..