Элдик жаңылыктар

Көчөдөгү ачык кудуктар балдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө

  • Автор: Нур fm жамааттык мультимедиа борбору
  • Аймак: Ысык-Көл
  • Жарыяланган: 02.12.2014 @ 12:15
Көчөдөгү ачык кудуктар балдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө

Тасма айлындагы таза суу алуучу кудуктардын үстүнүн ачык болушу балдардын өмүрүнө коркунуч алып келүүдө. Бул биздин айылдагы эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.

Көчөдө ойногон балдар кудукка түшүп кеткен учурлар дагы бар. Суу алуучу кудуктардын ачык тургандыгынан айыл тургуну Искаков Таалай жапа чеккендигин айтат.

- Кызыңыз сууга түшүп кеткен турбайбы,ошол тууралуу айтып бересизби?

«Ал кичине чагында болгон, оозу ачык калып».

- Канча жашында болду эле?

«Үч жашында болгон».

- Аны кимдир бирөө көрүп куткарган ким эле?

«Өзүмдүн балам куткарып алган. Биздин водопровод иштебейт, оозу ачык жабылбайт, суу чыкпайт.»

Эмне үчүн кудуктардын ачык тургандыгын Тасма айылындагы ичүүчү суунун керектөөчү коомдук бирикмесинин башчысы Садабаев Иязга кайрылдык.

-Айылдын ичинде канча кудук бар?

Тогузбай таза суу деп уюшулганбыз и ошол проект боюнча 63 колонка каралган.Өз күчүбүз менен 4 колонка салынды, азыр 67 колонка иштеп жатат, иштеш керек анан кээ бирөөлөр иштебей атат.

-Эмне үчүн кудуктардын үстү ачык турат?

«Кудуктар биздики ар бир элге бекитип берилиш керек болчу.Бул кудуктарды салганда чет өлкөдөн дүйнөлүк банктан акча которулган. Анан элдин менчиги экенин сезсин деп 5% акча жыйнаган. Ошо эл өзү мына ачып салып атышат анан жаппайт , биз жабабыз кайра ачып салышат ушундай болуп атат. Бирок баарынын люктары бар».

— Ушул ачык кудуктар боюнча иш ара алып бардыңар беле?

«Иш чара көрүп эле кыдырган сайын бекиттиребиз анан кайра эле ачып салышат, эл өзү ачып салып атышат бала-бакырасынын коопсуздугун ойлобойт. Балдар ойнойт түшүп кетиши ыктымал. Тегерегинде ата-эне өзүлөрү да караш керек эле да анан биз баарына жетишпейт экенбиз. »

Суу башчысы айткандай балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн суу алгандан кийин кийин кудуктун капкагын жабуу зарыл экендигин унутпайлы.

Даярдагандар: Турдуматов Чынтурсун, Саякова Айдана, Атамырзаев Талгат

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..