Элдик жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу КРнын мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды

  • Автор: Зинагул
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 02.12.2014 @ 10:44
ОшМУнун окутуучусу КРнын мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менедлжмент факультетинин окутуучусу Гүлмира Абдраева КРнын мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

2014-жылы Гүлмира Абдраеванын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн жазган проекти өтүп, бул багытта Ош шаарынан, ошондой эле айыл өкмөттөрдүн социалдык адистери, жооптуу катчылары, ФЭБ башчылары, мамлекеттик кызматка жаны киргендер, стат-секретарлар жана бөлүм башчылары, айыл өкмөт башчылары ар кайсы курстардан өтүшкөн.

Жогоруда айтылгандай муниципиалдык кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы, жогорку кесипкөйлүгү, квалификациясы, кызматтык милдеттерди ак ниети менен аткаргандыгы, демилгелүүлүктү жана жоопкерчиликти көрсөткөндүгү үчүн Гүлмира Абдраева КРнын мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков административдик кеңешмеде тапшырды.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..