Элдик жаңылыктар

Матикеев Кыргызстандын географиясын

  • Автор: Курманали Матикеев
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 10.04.2018 @ 12:30

Республиканын баардык окуу жайларына «Кыргызстандын географиясын» киргизүү боюнча өкмөттүн токтомуна

Ой- пикир

Өткөн 2016-2017 окуу жылынын 26-майындагы токтомунун негизинде министрлик республиканын окуу жайларынын бардык адистиктерине 2 кредиттик саат өлчөмүндө “География сабагын” сабагын киргизүү чечимин кабыл алган жана окуу программасын түзүү Кыргыз улуттук университетинин географтарына тапшырылган. Көтөрүлгөн маселе өтө олуттуу жана Кыргыз элинин байыркылыгын, империясынын жана хандыктарынын жайгашкан аймактарын аныктап, азыркы чегарабызга келип калгандыгыбыздын себептерин ачып берүүдө баа жеткис чечим. Дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө милдеттүү түрдө 3 сабак (тарыхы, географиясы,тили) окутулат.Ошондуктан алар ар бир кадам жер үчүн канчалаган адамдардын каны төгүлгөнүн билишет жана бир кадам жерин башка элдерге беришпейт, жер саткандар катуу жаза алышат.Алар жер улуттун ордосу экендиги, ордону жоготуу улутту жоготуу экендигин жакшы түшүнүшөт. Биздин элде андай патриоттук сезим “өзүмдүн келечегим керек, улуттун келечеги мени кызыктырбайт”- деген сезимге алмашып калган. Улут болбосо өзүнүн жана урпактарынын келечеги эмне болорун ойлошпойт. Окуу жайларынын адистиктеринде окутула турган “география” сабагын Кыргызстандын азыркы географиясы эмес, жерибиздин азыркы абалга келип калышын талдаган “Тарыхый географиясы” окутулушу зарыл. Сабак төмөндөгүдөй багытта жүргүзүлүшү керек .

1. Кыргыздардын байыркылыгын далилдеген алгачкы Күн (Гун) империясын негиздеген Уузхан доорунун (4000 же 5000 ж .ж.) географиясы. Империянын чыгыш чегарасы Чоң Күнгөй, Кичи Күнгөй (Чоң Хинган, Кичи Хинган) тоолору; батыш чегарасы Орол (Урал) тоосу; түндүк чегарасы Жер байыркы (Таймыр) жарым аралы: түштүк чегарасы Алтын -Тоо жана Кара -Тоо (Куньлунь, Кара- Корум) аркылуу өткөн. Окуу китебинде алардын орографиялык карталары, топонимикасы ( байыркы жана азыркы аталыштары ) так көрсөтүлүшү зарыл.

2. Өгүз каган доорунун (б.з.ч 209-ж ж ) географиясы. Империянын чыгыш чегарасы Байкал, Эне- Сай аймактары; батыш чегарасы Орол (Урал) тоо, Хазар (Каспий) денизи; түндүк чегарасы Эне-Сайдын ортоңку бөлүгү, Ангара-Тесева- Кулунду кеңдиги аркылуу өткөн. Алгачкы империянын аянты жарымына кыскарган. Уузхан империяга кошкон Алдыңкы Азия өлкөлөрү; Иран, Ирак, Аравия, Кавказ элдери толугу менен империядан чыгып кеткен. Окуу китебинде бул бөлүм да орографиялык карта жана топонимикалык фактылар (байыркы жана азыркы) менен бекемделиши зарыл.

4.Аттилла доорундагы империяныны географиясы( б.з.ч 434-453 ж. ж)

Өгүз каган доорунда империянын түштүк, түндүк чегараларында анчалык өзгөрүү болгон эмес. Бирок, батышта Франк, Рум, Готтордун жерлери басып алынып, империянын аймагы экинчи жолу чонойот. Аттилла доорунда Улуу Империянын чыгышы Кытайдын так ортосу болгон Ордо жер (Ордос) аркылуу өтүп, түштүгү Куньлунь, Алтынтаг, Музлугтаг, Аркатоо (Прежевальский), Кара-Корум аркылуу өтсө, батышы Европанын киндиги болгон Рум, Франк жерлери болгон. Аттилла өз доорунда “теңирдин камчысы” (Божье бич) деп айтылган.“Кыргыздардын тарыхый географиясында” Күн (Гун) кошунун басып өткөн жолун , анын империясынын географиясын тактоо Евроазия чөлкөмүндө чачыранды абалда жайгашкан “түрк уруусу ” деп аталган элдердин түпкү теги Күн (Гун) эли экендигин, алардын ар башка аймакта жашап, келгендигинин себептерин тактоодо өзөктүк факт болору шексиз.

5. Манас доорундагы каганаттардын - хандыктарынын географиясы.

Кыргыз хандыктарынын чыгыш чегарасы Стантоо (Становый), Каспантоо (Наньшань); түндүк чегарасы Алтай, Саян, Эне-Сай аймактары батыш чегарасы Орол (Урал)тоосу түштүк чегарасы Каспантоо (Наньшань), Муздаван (Музлугтаг), Алтынтоо (Куньлунь) аркылуу өткөн. Манастын өлүмүнөн кийин империянын чегарасы азыркы абалына келген. Алтай , Саян, Эне – Сай, бүтүндөй чыгыш Түркстан (Шыншан -Жаңы Чек), Батыш Түркстан (Дашти кыпчак талаасы), Кыргыз талаасы (Казак талаалары ) колдон чыгып, башка элдердин ээлигине өткөн.Ал аймактарда кыргыздар чачыранды абалда жашап калышкан.

6. “Чоң казаттагы ”кошундардын “ Көкөтөйдүн ашына ” чакырылган элдин басып өткөн жолдору; Манастын бабалары болгон Эгейдин, Шыгайдын, Солобонун, Ногойдун урпактары азыркы таркалган аймактарынын географиясында кошундардын басып өткөн жолдорунун карта-схемасы берилип, топонимикалык далилдер менен тастыкталышы зарыл.

7.Падышалык оруссия доорундагы кыргыздардын географиясы

Манас доорунун бүтүшүнөн баштап падышалык орусия дооруна чейинки кыргыздардын таркалуу географиясын аныктоо өтө татаал. Себеби, бул аралыкта Орто Азия чөлкөмүндө кыргыздардын каганаттары жана хандыктары бытыранды абалга келип, бүтүндөй бир географиялык аймакта мамлекеттик түзүм узак убакыт бою турган эмес. Анын далили катары тарыхчылар Орто Азияда түргөштөр, селжуктар, кидандар, чигилдер, караханиддер давандыктар ж.б. мамлекеттердин калыптанып жана жок болуп тургандыгын далил катары келтиришет.

8.Падышалык орусия доорунда Орто Азиянын аймагында жашаган элдер жөнүндө1913 ж жарыкка чыккан “Азиатская часть Россия” деген географиялык атласта төмөнкүдөй маалымат берилет.

Падышачылык орусия мезгилинде Орто Азиянын аймагы атластын

“Карты распространения русского владичество в Азиатской России” деген бөлүмүндө үч ээликке бөлүнүп берилет.

1. Александр II ге Жетисуу, Сырдарыя, Самарканд, Фергана Закаспий 1855-1891ж.ж); Александр III гө Торгой, Акмоло, Семей аймактары таандык болгон. Ал эми Хива , жана Бухара аймактары өз алдынча хандыктар болгон. Закаспий аймагынан (облусун) аянты 525,5 миң чарчы чакырымды , Самарканд аймагынын 76,9 мин чарчы чакырымды, Сырдарыя аймагына -429,9 мин чарчы чакырымды Фергана аймагынынан 125,5 мин чарчы чакырымды түзгөн.Этнографиялык абалы боюнча 1913 ж карата Закаспий аймагында 472,9 мин адам жашап элинин өзөгүн түркмөндөр, кыпчактар,кыргыздар; Самарканд аймагында 960,2 мин адам жашап, калктын басымдуу бөлүгүн кыпчактар, кыргыздар жана кара кыргыздар, Сырдарыя аймагында 1,816,6 мин адам жашап , элинин өзөгүн өзбектер түзгөн. Аларга аралаш кыргыздар, кыпчактар жашаган. Фергана аймагында 2,041,900 адам жашап, калктын басымдуу бөлүгүн кыргыздар менен сарттар түзгөн. Сарттар шаарларда, кыргыздар алардын айланасында жана тоолуу жерлерде жашаган ошондой эле кыргыздар Ташкентте өзбектер менен, Жети-Суу менен Торгойдо (Сары Аркада) казактар менен аралаш жашашат.

Совет доорундагы кыргыз жерлеринин бөлүштүрүлүшүнүн жыйынтыгында жана аймактык кыскаруу жүрүп, республиканын картасы олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон жана көптөгөн жерлер башка элдерге өтүп кеткен.

8.А.Акаев менен К. Бакиевтин мезгилиндеги республиканын аймагынан көптөгөн жерлер (Үзөнгү -Кууш, Каркыра ж.б) башка элдерге берилген. Жогоруда келтирилген фактыларды топонимикалык далилдердин негизинде талдап, анан биз байыркы элбиз деп чыксак болот. Топонимикалык далилсиз биздин айткандарыбыз эч нерсеге арзыбай келген, мындан ары да арзыбаган куу сүрөндүк болот. Ошондуктан бул сабакта Кыргызстандын азыркы географиясы эмес,

“Тарыхый географиясын” окутуп, элибиздин патриоттук сезимин ойготушубуз зарыл. Келечектеги жетекчилерге азыркы жашап жаткан жерибиз канчалаган кыргыздардын каны менен сакталып калгандыгын айтып, жерди башка элдерге сатуунун келечеги эмне болорун түшүндүрүү зарыл.

Тарыхчылардын , кыргыздардын тарыхына көп көңүл буруу керек деген пикирлери бул сабакта орду жоктой сезилет. Себеби, тарыхчылардын басымдуу бөлүгү караханиддер доорунан берки тарыхты жазып жүрүшөт. Алар жазган доордун тарыхын орус окумуштулары эчак эле жазышкан. Ошондуктан алардын жазгандарын кайталоонун кереги жок, жана багытты изилдөө жүргүзүлүшү зарыл .Экинчиден байыркы мамлекеттер асманды жайгашканбы же жердеби?, согуштук аракеттер асманда өткөнбү же жердеби?, жортуулдар жер аркылуу өткөнбү же асман аркылуу өткөнбү?.Суроолорго так жоопту география бере тургандыгын билишибиз зарыл.

Жогоруда көрсөтүлгөндөр асманда болсо тарыхчылар асмандагы бир тоо же көл жөнүндө жазышса, картасын түзүшсө тарых сабактын өзөгү болот деп талашса болот, ал эми бардык окуялар жерде өтүп, топонимикалык далилдер тургандыктан өзөктүк сабак география болушу талашсыз. Бул жагдайда Манастан кытайлар азыркы Дынша (Жонгор) чөлүнүн Монголия менен чектешкен жериндеги чөлдүн бир четин сурашканда аларга төмөнкүчо жооп берет.Бул жооп улуттук ар намыздын ,элдин келечигине болгон кам көрүүнүн туу чокусу болуп, ал төмөнкүчө айтылат.

Кытайлар берген бул күмүш,

кылымга жетээр жан баксак.

Кыйырым калаар бөлүнүп,

алгын деп жерди тим жатсак.

Конторго берген бул күмүш,

көп жылга жетер жан баксак.

Урпагым калаар кор болуп,

алгын деп жерди тим жатсак.

Азыркы алган зар, күмүш

урпагым үчүн уу болор.

Тоомдун ар бир чокусу,

кийин кыргызым үчүн туу болор. (Ы.Саламбайдын варианты ).

“Кыргыздардын тарыхый географиясын” окутууда баардык окуу жайларында географ адистиктери болбогондуктан, Ош жана Бишкек шаарларынын илимий потенциалы жогору болгон ,окуу жайларынын биринин базасында “Окуу жайлар аралык ” кафедра уюштуруу зарыл.

Г.и.д, профессор , Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген ишмер Курманали Матикеев .

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..