Элдик жаңылыктар

Кунумдук иштер кундолугу

  • Автор: Эген САДАБАЕВ
  • Аймак: Ысык-Көл
  • Жарыяланган: 26.05.2016 @ 12:00

• СОЦИАЛДЫК САЯСАТ

КЩНЩМДЩК ИШТЕР КЩНДЁЛЩГЩ

9-МАЙ – Улуу Жеңиш күнүнүн урматына аймактагы мектеп окуучулары арасында жердешибиз, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эрдигине арналган “Биздин Жумаш” аттуу дил-баян жазуу боюнча сынак өткөрүлүп, сынакта райондон 7 окуучу жеңүүчү деп табылды.

Алар – С.М.Киров атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Е.Домошенко, 9-класстын окуучусу В.Головченко, М.Рахимова атындагы мектеп- гимназиясынын 9-классынын окуучусу А.Турдахметова, М.Калиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Э.Жеңишбекова, Ж.Асаналиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Ч.Акимбекова, А.Ракымов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Н.Жантаева, А.Истамбеков атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Т.Чонатаева.

***

12-МАЙДА раймамадминистрациясы тарабынан “Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануунун сапаттуулугу үчүн жарандык Альянсынын”, “Аруужан” коомдук фондусунун, Каракол шаардык муниципалдык кеңешинин алдындагы коомдук уюмдун көмөктөшүүсүндё “Байытылган ун – дени сак улут” темасында “Тегерек стол” өткөрдү. Иш-чарага АДКлардын, ФАПтардын, мектептердин, балдар бакчаларынын, аймактык оорукананын, райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, аялдар кеъештеринин мүчөлөрү катышып, кщн тартибиндеги маанилщщ маселе боюнча ёз ой-пикирлерин айтышып, сунуштарын ортого салышты.

***

14-МАЙДА аймактагы бардык айыл өкмөттёрүндө 1000 м. аралыкка чуркоо боюнча массалык марафон өткөрүлдү.

***

16-МАЙДА К.Досмамбетова атындагы балдардын райондук музыкалык мектебинин окуучулары коомчулукка ёздёрщнщн отчеттук концертин тартуулады.

***

16-МАЙДА айылдык жаштар арасында “Акыл-таймаш” интеллектуалдык оюну өткөрүлүп, иш-чарага 5 команда катышты.

Жандуу жана кызыктуу ёткён оюндун акырында I орунга – М.Мамакеев атындагы мектеп- гимназиясынын “Тарыхы болбой - эл болбойт”, II орунга - Боз-Учук айыл өкмөтүнөн келген “Муун мурасы”, III орунга - Отрадное айыл өкмөтүнён келген “Жайылма” командалары ээ болушуп, атайын дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты, Ал эми курамы медкызматкерлерден турган “Эскулап” жана “Биримдик” командалары кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

***

17-МАЙДА китепканачылардын кесиптик майрамына карата райондук деңгээлде иш-чара уюштурулуп, ага аймактагы клуб жана китепкана башчылары, айыл өкмөттёрүнүн кызматкерлери катышты.

Мында “Тарых жана маданият жылына” карата “Тарых барактары – китеп сырларында” аталышындагы фестиваль өткөрүлүп, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган театрлаштырыдган сценка, райондогу жер-суу аттары тууралуу уламыштар айтылып, улуттук каада-салттар көрсөтүлдү. Иш-чаранын демилгелщщ катышуучуларына раймамадминистрациясы тарабынан Ардак грамоталары жана Ыраазычылык барактары ыйгарылды.

***

18-МАЙДА Музейлердин Эларалык күнүнө карата щстщбщздёгщ “Тарых жана маданият жылынын” алкагында Кыдыр-Аке атындагы райондук мамлекеттик тарыхый-аймак таануу музейинин базасында “Мекеним - Улуу Кыргызстан!” урааны алдында атайын иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага райондогу 35 мектептердин ёкщлдёрщ ёздёрщнщн этнографиялык жана илимий- техникалык мазмундардагы ар кыл буюм-тайымдарын алып келишип, көргөзмө, кароо-сынак уюштурулду. Кароо-сынакка 27 мектеп демилгелщщ катышып, жыйынтыгында I орунга - О.Элебесов, II орунга - М.Жусупов, III орунга - М.Мамакеев атындагы мектептер ээ болушуп, аларга атайын дипломдор, баалуу белектер тапшырылды.

Гщлзат СУРАНЧИЕВА,

райондук мамлекеттик администрациясынын

социалдык саясат секторунун башчысы

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..