Элдик жаңылыктар

"Даңазалуу доордун" жылдызы Энгин Өзтүрк түшкү тамактанууда

  • Автор: Эрлан Алтынбек
  • Аймак: Дүйнө
  • Жарыяланган: 06.12.2015 @ 15:34
"Даңазалуу доордун" жылдызы Энгин Өзтүрк түшкү тамактанууда

Өзүңүздөр билгендей, "Даңазалуу доор" сериалында шахзаада Селимдин ролун жараткан актёр учурда жаңы тасмага тартылууда. Актёр роль жаратып жаткан тасма "Эстечи, Гүнел" деп аталат. Буга улай, Энгин жакында эле Арнавуткей районунда журналисттердин кылтагына түштү. Актёр бул райондо досу менен түштөнүп жаткан. Энгин камеранын жарыгын байкап калганда; "Бизде азыр түшкү тыныгуу. Суранам, тамактанып бүткөнчө тартпай тургула. Анан каалаганча тарта бересиңер" деп суранып өткөн. Албетте, журналисттер анын суранычын четке каккан эмес. Бир-эки сүрөт тартып калууга жетишишкен журналисттер актёрдон Идиль Фырат менен болгон мамилеси тууралуу сурашкан. Бирок актёр андан баш тартып, тим болгон.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..