Акыркы макалалар

Бейөкмөт уюмдардын жаштарга берген билиминин орду канча?

Бейөкмөт уюмдардын жаштарга берген билиминин орду канча?

Кыргызстанда жаштарды өзүн-өзү өстүрүүгө жүргүзүлгөн иш-чаралардын дээрлик баардыгы бейөкмөт уюмдар тарабынан чет өлкөдөн келген каржы менен жүрөт. Анда жаштарды лидерликке окутуу кескин көп. Дегеле мындай окуулардын Кыргызстандык жаштар үчүн орду канча?

Жаштарды жаңы багытка үйрөтүү иштеринин бири саналган кезектеги дагы бир окуу жыйынтыкталды. Кыргыз Республикасынын эмгек миграция жана жаштар министрлиги, жаштарды өнүктүрүү институту ошондой эле Германия кызматташтыгы менен биргеликте 23 жаш лидерлерди окутуу иши аяктады.

Жаш кадрлар анын ичинде жаш лидерлер учурда коомдо орду чоң болууда. Дегинким энергияга толуп турган жаштарга туура багыт берип, кыргыз мамлекети үчүн иштерди жасоого багыт алынышы керек. Себеби, ошол эле саясатта да жаштар көп учурда курал катары пайдаланылып келгени жашыруун эмес. Мунун баары билимсиздиктин натыйжасынан болуп отурат. Андыктан жаңы өсүп келе жаткан муунга лидер болуунун жолдорун үйрөтүү үчүн 7 айлык окуу курсу жыйынтыкталды. Ал « Жаштар үчүн жаркын келечек» деп аталып, пилоттук аймактарга кирген Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан 23 жаштар тобун бириктирип, окуудан өтүштү. Эми бул улан-кыздар өз алдынча долбоор жазып айылдыбы райондубу айтор өнүктүрүүгө салымдарын кошо алышарын жаштарды өнүктүрүү институтунун башкы адиси Элнура Калыбаева айтат. Ошондой эле өз сөзүндө ал жергиликтүү айыл өкмөттөрүндө иштөөгө тажрыйбалуу кадрлардын даяр болушуна чоң мүмкүнчүлүк деп белгилейт.

Ал эми жаштарда кандай өзгөрүүлөр бар? Окуунун жыйынтыгында ой жүгүртүүлөрүндө, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу идеялары канчалык деңгээлде өсө алды. Буга жаңы кадрлар өлкөнү өнүктүрүү үчүн эң алгач ынтымак менен билим болсо, кылса болот деген пикирде.

Маалым болгондой эле, жаштарды лидерликке тарбиялоо башкача айтканда жаштардын башын бириктирип өткүп келген иш-чаралардын дээрлик көпчүлүгү эл аралык уюмдар тарабынан колго алынат. Бул саамалыктардын Кыргызстандын жаштары үчүн кандай оң жана терс жактары бар. Сырттан каржыланып, билим алган жаштарды өз кызыкчылыгына пайдаланууга жол берилбейби? Бул боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек миграция жана жаштар министрлигинин жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Муратаалы Үчкемпиров болсо, жаштарды колдоп жана өнүктүрүү боюнча атайын иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгүн айтат. "Анда жалпысынан жаштардын талаптары эске алынуу менен бирге 2015-жылга иш пландар түзүлөт", - дейт ал.

Маалым болгондой, бул саамалык акыркы 2 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...