Акыркы макалалар

Кубанычбек Кадыров: “Келечекте "Кумтөр" маселесин кыргыз элинин пайдасына чечебиз”

Кубанычбек Кадыров: “Келечекте "Кумтөр" маселесин кыргыз элинин пайдасына чечебиз”

“Гезит бетинде” прогаммасында “Чындык” саясий партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров маек курду.

-Кыш мезгили болгондуктан басылмаларда электр энергия маселелери туурасында арбын жазылган. Сиздин пикир?

-Кыргызстан Орто Азия мамлекеттери боюнча электр энергияга бай өлкө болуп саналат. Ушул күнгө чейин бийликтегилер сууну саткан эмеспиз деп моюндарына албай келишкен. Бирок жаңы шайланган министр Турдубаев 2011-2012-жылдары суу сатылганын айтып чыкты. Бакиевдин убагында электр энергиянын баасын 1 сом 50 тыйынга көтөргөндө эле эл чыдабай көтөрүлүшкө чыккан. А бүгүнкү күнү коюлуп жаткан баалар кыргыз эли үчүн абдан оор. Жумушсуздук көп болгондуктан, эл 2 сом 5 тыйындан төлөй алышпайт. Тоолуу райондордун тургундары айына 10000 кВттка чейин жагышат. Бул эки эсе кыйынчылык жаратат. Бул тармакта баягы эле Ширшовдун схемасы иштеп атат. Акаев менен Бакиевдин убагында жеген чиновниктер дагы деле ошол жерде отурат. Аргынбаев деле электр энергияда коррупция өнүгүп кетти деп айтып атпайбы. Казактардын интернет сайтында казак саясатчысы жазган маалымат чыкты. Кыргызстанга ТЭЦти иштеткенге көмүрдүн баасын 38 доллардан берсек, кыргыз чиновниктери 46 доллардан кириштеп берип жатышат. Ортодо акча жеп жатышат. Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын сатып алганда, 4-5 центтен сатып алып жатса, кыргыз чиновниктери өз элине 2 центтен саттык деп кабарлап жатышат. Ошону эл эмнеге текшеришпейт деп ачык жазып чыкты. Кыргызстандын электр тармагы коррупцияга малынып калганын билген казактар бизди тоготпой кайрадан электр энергиясын үч эсе кымбат баада 5 сом 60 тыйындан өзүбүзгө сатып жатышат. Элдин башын айландырып, бизде электр энергиясы арзан баада берилет дешет. Ооба арзан. Бирок коңшу мамлекеттеринин жарандарынын алган айлык акысынын көлөмүн карап коюшпайбы. Алар канча суммада айлык менен иштешет? Биздин кыргыз байкуштардын алган айлыгы канча? Келерки жаздан тартып баа дагы жогорулайт. Ай сайын 20 миллион доллар казактарга электр энергиясы үчүн берилип жатат. Бирок ортодо дагы 400 000 доллар коррупциялык иштер менен жоголуп кетип жатат. Ошентип кыйналып турган кыргыз элинин жонунан кайыш тилип жатышат.

-Санаалаш болгон саясатчылардын, партиялардын биригүүсүн кандай баалайсыз?

-Ар бир саясатчынын өз ою бар. Бирок партиялардын биригүүсү демократия жолунда баратканыбыздын кабары. Бириккен партиялардын мүчөлөрүнүн, лидерлеринин ойлору таза болуп, эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кылууну көздөшкөн болсо жакшы. Бирок саясатта өзүн сактап калыш үчүн далбас урган дагы саясатчылар жок эмес.

-“Ата-Журт” менен “Республиканын” биригүүсү боюнча кандай ойдосуз?

-Бул жерде чоң саясат жатат. Эгер эки партиянын ою таза болсо биригүүсүн мен колдойм. Өмүрбек Бабанов дагы Камчыбек Ташиев дагы кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири десек болот. Экөө эптешип партияны алдыга жылдырып кетет го деген эле ойдомун.

-“Кумтөр” маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүү максатында, Канаданын Торонто шаарына тиешелүү өкүлдөр жөнөп кетишкени туурасында басылмаларда жазылган. Маселе чечилиши мүмкүнбү?

-Кумтөр маселеси абдан оор маселе. Кумтөр үчүн эки президент кызматтан кетип, 2-3 Жогорку Кеңеш тараган. Кыргыздын улуу инсандарынын бири Насирдин Исанов дагы Кумтөр үчүн өлгөн. Көлдүктөр, Жети-Өгүздүктөр, Саруу элине рахмат айтышыбыз керек. Алар Кумтөрдү сактап калалы, кыргыздын алтыны кыргызга иштесин, экологияны сактап калалы деп чыгып, чыркыраган жаш балдар мыйзамсыз соттолуп, түрмөдө отурат. Кудай буюрса биз келип калсак, Кумтөр маселеси кыргыз элинин кызыкчылыгына чечилет. Саруунун тың жигиттери баатырлар деп санаймын. Тарых баардык иштин баасын берет.

-Кийинки шайлоого катышасызбы?

-Шайлоого сөзсүз катышабыз. Азыр сүйлөшүүлөр жана даярдыктар жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...